6 ноября 2019, 12:29

Узарбек Жылкыбаев ЖМК өкүлдөрүн кесиптик майрамы менен куттуктады

Узарбек Жылкыбаев ЖМК өкүлдөрүн кесиптик майрамы менен куттуктады

 

 

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев ЖМК өкүлдөрүн майрамы менен куттуктады.

 

"Урматтуу ЖМК өкүлдөрү!
Басма сөз жана маалымат күнү менен чын дилимден куттуктайм.
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын бүгүнкү заманбап шартта коомдун социалдык-экономикалык жана саясий өнүгүшүндө олуттуу таасири бар. Айкындуулук жана бейтарап маалымдуулук болбосо укуктук мамлекет куруу мүмкүн эмес. Биздин жашоону маалыматсыз элестетүү кыйын. Ошондуктан журналисттердин коомдо аткарып жаткан милдетин жогору баалашыбыз керек. Сиздердин түйшүктүү жана жоопкерчиликтүү эмгегиңиздердин натыйжасында Кыргызстандын эң алыскы аймактарында жашаган жарандарыбыз да өлкөдө болуп жаткан ар бир окуядан кабардар болууга мүмкүнчүлүгү бар.

Урматтуу журналисттер!
Бүгүнкү күндө ата-мекендик журналистикада журналисттик кесиптин жоопкерчилигин сезген жана жогорку моралдык принциптерге ээ адистердин иштеп жатканы кубандырат. Биздин аппарат ЖМК үчүн ачык мамлекеттик орган катары мындан ары да журналисттер менен тыгыз кызматташып, кызматташтыкты чыңдоонун үстүндө иштөөсүн улантат.
Дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм. Бекем ден соолук, бакубат турмуш каалап, чыгармачылык ийгиликтерди тилейм",-деп жазылат куттуктоодо.

 

Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter