6 ноября 2019, 17:38

Айтмамат Назаров массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн кесиптик майрамы менен куттуктады

Айтмамат Назаров массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн кесиптик майрамы менен куттуктады

 

 

Урматтуу массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү!

Улуттук энергохолдингдин жана жалпы энергетика кызматкерлеринин атынан сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!
Учурда маалымат айдыңында көптөгөн өзгөрүүлөр болуп, коомубуздагы олуттуу окуялар бир гана өлкөбүз менен чектелбестен, бүткүл дүйнөгө тез арада тарап кетүү мүмкүнчүлүгү бар.
Сиздердин алып барган ишиңиздер жарандарыбыздын маанайына, жүрүм-турумуна, деги эле мамлекетибиздин эл аралык деңгээлде болгон кадыр-баркына зор таасирин тийгизет. Бул өтө чоң жоопкерчилик.
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын көбөйүшү, Интернеттин, социалдык тармактардын жайылуусу журналисттерден ыкчамдуулукту, маалыматтын тактыгын жана ар тараптуулукту талап кылат.
Айрым кесипкөй журналисттер менен катар ар бир адам коомдук пикирге таасир этип, мамлекетибиздин кабыл алган чечимдерине өз баасын берип, оюн эркин билдирүүдө. Бул жакшы көрүнүш.
Коомубуздун өнүгүшүнүн негизи болгон сөз эркиндигинин бекемделиши, ачык-айкындуулуктун жайылышы түздөн-түз журналисттердин ишмердүүлүгүнө көз каранды.
Жакынкы арада энергетика тармагында да чоң өзгөрүүлөр болот. Өлкөбүздүн энергетикалык коопсуздугун бекемдөөгө, ар бир үйдү электр жарыгы жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздоого болгон эмгегибизди жумшайбыз.
Алдыга коюлган ири максаттарды чогу багынтып, ишке ашырыла турган долбоорлордун маанисин коомубузга туура жеткирип, элибиздин бакубат жашоосуна биргелешип мүмкүнчүлүк түзөбүз деп үмүттөнөм.
Кесиптик майрамыңыздар кут болсун!
Калемиңиздер мокобосун! Ар дайым чындыктан, калыстыктан тайбаңыздар!

Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Banner
1 комментарий

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter