Төкмө акын, актёр Акжолтой Канат уулу Балыкчы - Кочкор автоунаа жолундагы кырсыктан каза болгону айтылып жатат. Бул тууралуу «Айтыш» коомдук фондунун төрагасы Асылбек Марат уулу билдирди.

 

Маалыматта бир машиненин ичинде бараткан беш киши автокырсыкка кабылып, төртөө көз жумганы айтылууда. Жүргүнчүлөрдүн бири учурда Кочкордогу ооруканада эсине келе албай жатат. Акжол Канат уулунун жанында жубайы да болгон. Машинени кочкорлук ырчы жигит Жоомарт Алмазбеков айдап бараткан. Баштапкы маалыматка ылайык, кар жолдогу тайгакта машиненин тормозу иштебей, жолдун четине чыгып кеткен. Божомолдор боюнча, алар Балыкчы шаарындагы тойканалардын биринде өткөн тойдо кызмат көрсөтүп, чыгып келе жатышкан.

Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter