11-13 ноябрь күндөрү БААУда Европалык союз менен Борбор Азия суу ресурстары боюнча илим жана техниканын кызматташуусу менен “Суунун сапаты” аталышындагы семинар өтүп жатат. Иш чаранын уюштуруучулары катары БААУнун доценти, “Колдонмо геология” департаментинин жетекчиси башчылык кылган Евросоюз жана Еврокомиссия менен биргеликте саналышат.

 

Семинарда жалпысынан Борбор Азиянын бир катар өлкөлөрү – Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркменистан, жана Афганистан ага кошумча Европанын – Германия, Нидерланд, Италия жана Австриядан келген суу ресурстары боюнча адистер катышып жатышат.

 

Иш чарада саркынды суулар, суунун сапаты тууралуу суроолор талкууланды. Адистер бири-бирине тажрыйбасы менен бөлүшүп, Европа өлкөлөрүндө суу менен камсыз кылуу көйгөйлөрү кандай чечилерин, долбоорлордун мисалында көрүшөт. Ошондой эле Европалык союздун “Горизонт 2020” программасынын алкагында ишке аша турчу долбоорлору менен дагы тааныша алышат.

 

Борбор Азиядагы өлкөлөр жана Афганистан суу ресурстарына байланыштуу, мамлекет аралык аракеттер талап кылынган олуттуу көйгөйлөр менен күрөшүп келет. Ошол себептүү, илимий-техникалык кызматташтык бул көйгөйлөрдү чечүүдө басымдуу роль ойнойт. Уюштуруучулар иш чарага катышкан адистер мындан ары дагы байланышын үзбөй, кандайдыр бир долбоорлорду чогуу ишке ашырышат деген ишеничте.

Отправить новости WhatsApp News
Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter