Жол кырсыгынан каза болгон жубайлар Акжолтой Канат уулу менен жубайы Изаард Канатбекованын сөөгү бүгүн, 13-ноябрда Тоң районунун Ак-Сай айылында жерге берилет.
Маалым болгондой, Акжолтой Канат уулунун сөөгү апасы, төкмө акын Майра Керим кызынын жанына коюлат.
Акыркы сапарга узатуу зыйнаты Акжолтойдун атасынын бир тууган инисинин үйүндө болот.
Буга чейин Бишкек—Торугарт унаа жолунун 218-чакырымында жол кырсыгы катталып, 4 адам мерт кеткени маалымдалган. Алардын арасында маркум төкмө акын Майра Керим кызынын уулу Акжолтой Канат уулу жана анын келинчеги да болгон. Алар жакында эле баш кошушкан. (Толугу менен бул шилтемеде).