"Мен Кыргызстанда акыркы убакта Кыргызстанда болуп жаткан кылмыштуулук жөнүндө сөз кылгым келип жатат. 50-жылдардагы Сицилияга окшоп баратабыз",-деди Алмамбет Шыкмаматов Жогорку Кеңештин жыйынында.

 

Депутат күч органдарынын кызматкерлери акыркы кылмыштар тууралуу маалымат берүүсүн талап кылды.

"Мадина" базарынан бизнесмен каза болду, аэропортто адамдын денеси табылды, Түркиядагы Саймаитинин өлүмүнө шектүүлөр Кыргызстандын паспорту менен болуп чыкты, Cаймаити айдап жүргөн машина дипломаттык номер экени айтылды. Биз эч нерсе көрбөгөндөй отура беребизби?",-деди депутат.

 

Отправить новости WhatsApp News
Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter