Али Токтакунов көрсөткөн Саймаитинин колу фейк экени тастыкталды (Сүрөт)

 

"Азаттык" баягы эле такталбаган далилсиз ушактарына таянып, Айэркен Саймаитинин өлүмүн каралоого колдонуп жатат.

11-ноябрь, жума кезектеги хайп толкуну менен башталды. Тактап айтканда, жергиликтүү угуучулардын кыжырына тийген "антираим" аты кайрадан аталды.


Кыргызстандагы белгилүү басылмалардын көпчүлүгү Азаттыктын "Кыргызстандан чыгарылган миллиондор" аттуу иликтөөсүндө аты аталган Айэркен Сайимаитинин өлүмү тууралуу жазып чыгышты.


Сайимаитинин аты көп жылдар бою уйгурлардан чыккан экстремисттик топ менен байланыштырып келишет. Али Токтакунов бул атты өзүнүн иликтөөсүндөгү объектилерге байланыштырууга аракет кылган.


Бул акылга сыйбаган нерсе экенин айтып кетүү керек. Кадыр-баркы күчтүү делген басылманын тарыхында ийгиликсиз таасир ойноду. Бирок Али Токтакуновду ким “түрткүлөгөн”?


Азаттыктын чыныгы режиссерлору ким?


Соттун чечими же иликтөө жок, жалган документтерге таянуу менен интернеттеги "туура эмес" коюлган колду колдонуп, Азаттыктын журналисти бир гана фейк маалыматтарды чыгарган. Муну Саймаити чет өлкөнүн атайын кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнүн курмандыгы болуп калды деп болжомолдоого болот. Башкача айтканда, "бул алардын, Кыргызстанга тиешеси жок өздөрүнүн согушу".


Уйгур ишкеринин өлтүргөн деп шек менен кармалган жарандар турк полициясына анын өлтүрүү себеби карыздарга байланыштуу жана Саймаитиден кымбат баалуу унаа ижарага алгандарын билдиришкен. 

 

Эмне үчүн Азаттыктын берүүсүнө жалган берүүсүнө таянуу менен гана Кыргызстандагы бир катар маалымат булактар Сайтматинин өлүмүн баягы эле Матраимовдордун фамилиясы менен байланыштырып жатышат?! Хайп үчүн эмнеге бир эле божомолго таянып жазып жатышат?
Эми кыргыз коомчулугунан дагы эмнени күтүүгө болот? Бул жалган, төлөнгөн маалыматтын арты менен Сайиматинин өлүмүн Матраимовдорго шылташабы?


Бүгүнкү чыккан маалыматтарга караганда, Матраимовдорду “киши өлтүргүч” кылып коюштары деле мүмкүн...
Азаттык жаңы дем-күч менен кайрадан Матраимовдорго каршы чабуулду колго алды. Жаңылыктардын текстинде Сайимаити жубайы менен Матраимовдордун фондуна акча которду деген жазуулар байма-бай чыгууда.


Азаттык бул билдирүүлөргө кандай далилдерди көрсөтө алат? Жалган кол коюлган кагаздардан башка ишенимдүү далил документтер барбы?
Эгерде эч кандай далил жок болсо, анда эмнеге мындай күнөөнү коюп жатышат?


Дагы бир маалымат сайт, Сайимати Матраимовдун өнөктөшү деп жазып чыкты. Эгерде Матраимовдор ошол сайттын үстүнөн доо арыз менен сотко кайрылса, анда ММКнын жетекчилери кандай далилдерди көрсөтө алышат? Бир гана хайп үчүн далили жок, имиштерди гана чыгарааруу менен сайттар өзүнүн рейтингин көтөрүп жатышы толук мүмкүн.


Матраимовду саясаттан четтетүүгө аракет жасап жаткан кайсы бир күчтөрдүн бул ыплас иши албетте өкүнүчтүү...

 

Төмөндө Саймаитинин өзүнүн кол тамгасы жана "Азаттык" радиосу тарабынан жасалма кол тамгасы. Кол тамгада өзүңүздөр көрүп тургандай Саймаити араб тилинде кол койго, бирок Азаттык көрсөткөн бир да кагазда буга окшош кол тамга жок. Демек, Азаттык көрсөткөн кагаздардагы Саймаитинин колдору баары фейк десек болот. 

Али Токтакунов көрсөткөн Саймаитинин колу фейк экени тастыкталды (Сүрөт)

 

Али Токтакунов көрсөткөн Саймаитинин колу фейк экени тастыкталды (Сүрөт)

 

Автор: Гуля Алыбаева

 

Отправить новости WhatsApp News
Banner
2 комментария

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter