Учурда Кыргызстандын эл аралык рынокто ээлеген орду жана экономиканын бир кыйла тепкичке көтөрүлүп, өнүгүүсү үчүн кайсы тармактарга көңүл бурулушу керек? Бул суроолордун алкагында талкуу жүргүзүү үчүн бир катар серепчилер БААУнун Инновациялык колледжине чогулушту. Кыргызстан дүйнөгө ички продукцияны гана экспорт жана импорттоо менен чектелип келет. Ал эми башка мамлекеттерде сөзсуз түрдө кызмат жана тейлөө көрсөтүү алдыңкы орундарды ээлейт.


Бүгүнкү тегерек столдун жүрүшүндө креативдүү экономиканын Кыргызстандагы орду, келечеги, аталган тармакты өнүктүрүү үчүн кандай иштерди жүргүзүү керек деген маселелер да талкууланды.


Ушул тапта Кыргызстанга башка мамлекеттерден келип, билим алып жаткан студенттер абдан көп. Өлкөбүз бул жаатта башка шаарлардан кем калышпайт. Билим тармагында ыңгайлуу шарттарды түзүп, чет өлкөлүк студенттерди тартуу үчүн жасала турчу иштер кыйла көп. Серепчилердин айтымында билим берүүнүн башка бөлүмдөрү менен бирге IT тармагына көбүнчө көңүл бурулуусу шарт. Себеби, бул тармакта иштеген адистер мамлекетте көп киреше алып келет.


Тейлөө тармагынын өнүгүүсү Кыргызстанга сапаттуу адамдык капиталды түзүугө өбөлгө болот. Кызмат көрсөтүүнүн алдыга жылышы дүйнөнүн күчтүү адистерин өлкөгө тартып, мыкты кыргыз адистердин башка мамлекетте эмес, өз өлкөсүндө ийгилик жаратууга мүмкүнчүлүк түзөт. Өкүнүчтүүсү, учурда мамлекет бул тармактарга жакшы көңүл бурбай келет.

Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter