21 ноября 2019, 11:27

Рашит Бостонов: Чет өлкөгө чыгып кеткен тажрыйбалуу нефтичилер кайра келип иштөөгө мүмкүнчүлүктөр жаралат

Рашит Бостонов: Чет өлкөгө чыгып кеткен тажрыйбалуу нефтичилер кайра келип иштөөгө мүмкүнчүлүктөр жаралат

 

– Рашит Абдумаликович, сиз жетектеп жаткан “Кыргызнефтегаз” ААКы 9 айдын ичинде нефть жана газ өндүрүү боюнча кандай көрсөткүчтөргө жетише алды?

 

– Мунай өндүрүү боюнча ушул жылдын 9 айындагы планда каралган 82 миң тоннанын ордуна 97 миң тонна өндүрүүгө жетиштик. 9 айга коюлган планды 117 пайызга аткардык. Биздин акционердик коом 2019-жылы 115 миң тонна мунай өндүрөбүз деп план койгон. Алдыда дагы убактыбыз бар, жылдык планды ашыгы менен аткарабыз деген ишеничтебиз. Жыл аягына чейин 140 миң тоннадан ашык нефть өндүрүүнү көздөп турабыз.

 

– Мунай менен бирге газ өндүрүүгө да өзгөчө басым жасасаңыздар керек? Бул багытта абал кандай, жылыштар барбы?

 

– Быйылкы жылды президентибиз жарлыгы менен Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялаган. Ошол себептен газ бара элек айылдарды газ менен камсыз кылуу аракеттери көрүлүп жатат.

 

1970-жылдардан бери табигый газды өндүрүү боюнча бургулоо жумуштары унутулуп калгандай. Акыркы 50 жыл аралыгында газ өндүрүүдө жаңы скважиналар ачылган эмес. Биз бул багытка өзгөчө көңүл буруп, ишти илгерилетүүгө аракеттенүүдөбүз. Кыш мезгилинде газды керектөөчүлөр көбөйөт. Газдын көлөмүн көбөйтүү жана элди, ошондой эле мекеме-ишканаларды газ менен жетиштүү камсыз кылуу максатында №900 скважинадан табигый газ өндүрүү үчүн бургулоо жумуштары аяктап, бүгүнкү күнгө белгиленген 2041 метр тереңдикке чейин бургуланды. Эми түтүктөрдү түшүрүп, белгиленген жер катмарынан жардыруу иштерин жүргүзөбүз. Буюрса газ чыга баштайт. Болжол менен суткасына 40 миң куб газ алуу пландалууда. Эгер жумуштар ийгиликтүү аяктаса, элди кыш мезгилинде газ менен үзгүлтүксүз камсыздайбыз.

 

– Нефть жана газ чыгуучу жаңы аймактарды изилдөө, казуу багытындагы жумуштар жүрүп жатабы?

 

– Өткөнгө саресеп сала турган болсок, «Кыргызнефтегаз» ишканасынын тарыхы 1880-жылдарга туш келет. 1901-жылы V пласттан 5 миң тоннадан ашык нефть алынып, биринчилерден болуп Майли-Сай кени ачылган. 1940-жылдан Майлуу-Суу-4, 1944-жылы Избаскент, 1946-жылы Восточный Избаскент кендери ачылды. Ал эми 1952-жылы «Кыргызнефть» өндүрүштүк мекемеси түзүлгөн.

 

1958-жылы «Кыргызнефтегаз» өндүрүштүк мекемеси нефть өндүрүүнүн көлөмүн 490 миң тоннага жеткирген. Чалгындоо, бургулоо, өндүрүү жумуштарына ири өлчөмдө каражат жумшалып келген. Ал эми 1980-1990-жылдардын аралыгында 218 миңден 155 миң тоннага чейин нефть алынды. Буюрса биз ошол жылдагы деңгээлге жеткиребиз деген ишенимдебиз.

 

Азыркы учурда жаңы Исбаскент-Алаш нефть кенин ачуу алдында турабыз. «Алаш №1» кудугун бургулап бүтүп, учурда мунай алып жатабыз. Ал эми жаңы «Алаш №2» кудугун 2222 метрге чейин бургулоого жетиштик. 500 метр бургуласак белгиленген тереңдикке жетебиз. Аталган аймактан үчүнчү «Алаш №3» нефть кудугун бургулоого аракеттер көрүлүүдө. Эгерде үчөөнөн тең мунай чыгып калса жаңы кен аймагы ачылган болот. Бул «Кыргызнефтегаз» ишканасынын тарыхында 60 жылдан кийин ачылган жаңы аймак болуп калат.

 

– Мунай өндүрүүнү жогоруталуу үчүн бургулоо жумуштарын көбөйтүү зарыл эмеспи? Бургулоо жумуштары боюнча да айта кетсеңиз?

 

– 2019-жылы 23 800 погонный метр бургулоо жумуштарын жүргүзүү пландалган. Бул жылдын соңуна чейин буюрса планды толук аткарууга жетишебиз. Азыркы күндө 4 бургулоочу бригада иш жүргүзүүдө. Бургулоого керектүү болгон бардык шаймандар жана жабдуулар толугу менен алынып келген. Мунай өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү үчүн 2020-жылга 40 000 погонный метрге жакын бургулоо жумуштарын аткаруу пландалууда.

 

2019-жылга салыштырмалуу 2020-жылы дээрлик эки эсеге көп бургулоо жумуштары жүрөт. Муну менен 25ден ашык жаңы нефть скважиналар пайда болот. Жогорудагы жумуштарды аткаруу үчүн сөзсүз жумушчу топко муктаждык пайда болуп, жаңы жумуш орундары ачылат. Нефть өндүрүү тармагындагы кесипкөй адистерди жумушка тартабыз. Мурун Кыргызстанда эмгектенип жүрүп, чет өлкөгө чыгып кеткен тажрыйбалуу нефтичилер кайра келип иштөөгө мүмкүнчүлүктөр жаралат.

Отправить новости WhatsApp News
Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter