2019-жылдын 20-ноябрь күнү Бишкекте аялдар ишкердигинин дүйнөлүк күнү белгиленди. "Эрктүүлүк өзүң менен болуу" деген ураан менен өтүп жаткан иш чарага ийгиликке жеткен ишкер айымдар катышып, өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Айымдардын коомдогу, эмгек рыногундагы орду тууралуу өлкө башчы Мухаммедкалый Абылгазиев дагы сөз сүйлөдү.

Кыргызстанда жыл сайын бизнеске аралашкан айымдардын катары калыңдап келет. Бирок, ошого карабастан, Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда ири ишкерлик менен алектенгендердин 2 пайызы гана аялдар. Өндүрүш тармагында аялдар 22% болсо, соодада 56% түзөт. Ал эми өзүнүн жеке ишин ачкандардын 19 пайызы айымдар.

Ишкерлик жаатында мырзалардын жетектөөчү орундарды камсыз кылып келгени, балким улуттун мурунку убактан тарта канына сиңип калган түшүнүктөн болушу мүмкүн. Бирок, азыр ишкер айымдар бир гана Кыргызстандын аймагында гана эмес, дүйнөнүн ар тарабына өзү даярдаган продукцияны, кийимди же башка керектөөчү каражаттары сатып жаткан учурлар азыр байма-бай кезигет.

Эмгектин кайсы гана тармагы болбосун айымдар жогорку жыйынтыктарды көрсөтүп келишет. Бирок, көпчүлүк учурда алардын жетишкендиктери көмүскөдө калып калгандай. Анткен менен бардык экономикалык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы кайсы жаатта айымдар көп болсо, ошол тармак өнүгүп жатканын тастыктап келет.

Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter