23 ноября 2019, 15:08

Матраимовдордун айланасындагы кептерге карата коомчулуктун пикири

Матраимовдордун айланасындагы кептерге карата коомчулуктун пикири
Учурдагы Матраимовдордун айланасында жүрүп жаткан кептерге байланыштуу "Келкел" журналынын журналисти өз оюн жазып чыкты.
"Бул талкуунун башталганына көп болсо да "кыргыз ооруусу башталган экен" деп эне, эже, карындаш катары кабыргам кайыша ичимден тынып, бирок бул талаштын каармандарын жакындан билбегендиктен пикир кошкон эмесмин. Айрыкча элдин баарынын кулагын кызытып, курсагын кайнатып жаткан Раимбек Матраимовду тааныбагандыктан сөз кошууну маанисиз деп эсептеп, ашыкча санагам. Анткени азыр социалдык тармакта бирөөнү сөз кылган пикирге дароо таанып тааныбай үн кошуп, жер жеберине жеткире каргап шилеп, шыбап, анан эс алып калган замандаштарыбыз көбөйдү.
Ошондой пикирлерди окуган сайын "неге мынча негатив жазып калдык, кантип эле баарыбыз бактысыз (минткеним бактылуу адамдар дайым жакшы нерсени гана айтат, көрөт), көз карашы чектелүү, жакшылыкка кубана албаган тар жүрөк болуп калдык" деп көңүлүм ооручу. Билип билбей пикир жазуудан мени ушул ойлор кармап турчу. Качан Раимбек Ысмаиловичтин элине барып, алардын ыраазылыгын угуп, элдин көз карашы, сөзү аркылуу жакындан билгенде (жеке тааныш эмесмин) ушуга чейинки уккан сөздөргө чындап нараазы болдум. Бирок ошондо да пенделик сактык беле, же фблаштарымдын мени таанып тааныбай шыбап киришинен чочуладымбы пикир жазган жокмун. Качан Али иним кайра Атамбаевдинби же дагы бир саясатчынынбы көсөөсү менен "элге күйүп" чукуп баштаганда өз оюмду айтууну туура көрдүм.

Али мырза менен бир учурда гезитте аз гана убакыт иштешип калдык. Токтоо, өз ою бар, сөзү орундуу, эмгекчил кесиптешимди бирөө тууралуу дайым жакшы пикирде жүргөн жигиттик бекемдиги үчүн сыйлачумун. Алини эмне өзгөрттү билбейм, бирок учурдагы кыйыр далилдери, кесиптик аргументтерге караганда жеке адам катары Матраимовдорго болгон негатив сөздөрү мени таң калтырды. Эгер ошончолук патриот болсо эмне үчүн Матраимовдордун адам өмүрүнө өмүр кошууга себепкер болгон (кирешени менин угушумча бизнестен тапкан) жүздөгөн демөөрчүлүк иштери тууралуу жазбайт, адам өмүрүн алып Жакшылыкка окшогон ондогон баланын жетим калуусуна себепкер болгон Дача Суу, ТЭЦ, музей, мүрзө маселесин көтөрбөйт. Улан Эгизбаев жеке адамды эмес, элдин үнүн угуп жүрүп элге сиңбеди беле.
Матраимовдор биринчиден тээ атасынан баштап карапайым катмардан чыгып, өз маңдай тери менен бизнеске аралашып, элге таанылды. Ал эми "гаршокто" чоңоюп, жети атасы бийликтен байып, Кемчонтой болсо да ата кадыры менен дагы эле кресло кучактап жүргөндөргө, элдин жөн терисин тилип байыгандарга эмнеге көсөө көтөрүп чуркабайсың Али иним.

Мен Турдакун Усубалиевичти бир гана нерсеси менен сыйлайм. Ал өз учурунда өз кичи мекенинен кадр көтөргөн. Кочкордон бир учурда жети министр чыкканын мен окугам деген замандашым баары билет. Биз болсо кошунабыз же жердешибиз баш көтөрсө таш ала чуркайбыз. Эмне үчүн Матраимовдун миңдеген бей бечарага жардам берип жатканын жазсак болбойт. Макул мындай кайрымдуулукту жегенин жабыш керек болуп жасап жатыптыр. Анда неге Матраимовдон көп жегендер чычкандан кебек кызганып отурса унчукпайбыз. Келгиле анда Кыргызстандагы бардык жегичтин бетин ачалы.

Эсимде союз учурунда жалаң жакшылык жазылчу, ошондон уламбы адамдардын жүзүнө күлкү ойноп, бири бирине жылуу карачу. Азырчы бешиктеги балага чейин чукулашмай, каргап шилемей, жамандамай менен алекпиз. Ушуну көрүп чоңойгон муун кийин ким болот? Кайсы бир учур келгенде жакшы сөзгө зар болуп калбайлы. Чет өлкөдө өлгөн бир Сайимайити үчүн тим эле чуу түшүп жатабыз, он төрт кыз тирүүлөй өрттөнгөндө неге минтпедик, Дача Сууда боордошторубуз таңды көрбөй жер жазданганда кайда элек. Канчалаган карапайым кандаштарыбыз боор оорусунан жабыркап жатат, неге алардын маселесин көтөрүп чыкпайбыз. Атамбаевдин айынын Самат Курманкуловдой азаматтар жарым жан болуп калды, эмне үчүн анын кесепетин изилдебейбиз? Журналист бир адамдын саясатын колдоп, этегин көтөрүп чуркаганда журналист эмес, качан элдин үнүн көтөргөндө журналист.
Матраимовдордун үй сала албаган көп балалуу майыпка жашап жаткан үйүн берип ошого өзү баладай кубанганын көрдүм, бөйрөгүн алмаштырганга көзү чачырап өкмөттүн эшигин тешкендердин ажатын ачып, баласы, кызы, атасы аман калганына себепкер болгон Матраимовдорду ыйлап алкаган адамдарды көрдүм, окусам деген максатын жокчулук майтарган миңдеген өспүрүмдөр ушул биз шыбап жаткан Матраимовдордун жардамы менен окуп тилегине жеткенин көрдүм, элине колдон келген жардамын көтөрө чуркаганын көрдүм, бирок карапайым бирөөнү ыйлатканын көрбөдүм.
Мүмкүн бажыдан жегиси келгендердин, бажы аркылуу бизнес кылгандардын кекиртегине сөөк болгондур анысын көрбөдүм. Мен көргөнүмдү жаздым. Мени бир адамдын болсо да ажатын ачып, көз жашын аарчыган адам болгону кубантат. Матраимовдор бирөөнүн өлүмүнө себеп болгонун, жетимди ыйлатып, майыптыгы акысын жегенин укпадым. Тагыраак айтканда көзгө сайган далили менен уга элекмин. Андыктан мен азамат ага инилерибиздин эле эмес бардык адамдын жакшы жагын жазганды, айтканды артык көрөм. Анткени менин балам, анын балдары жалаң жакшылыкты айтып, жакшыны жар салып, бири бирине жардам берип, көтөрмөлөгөн, өлкөсүнүн жетишкендигин даңазалаган, бири бирине сыйлуу, жылуу кеп айткандан оорунбаган заманда жашашын каалайм",-деп жазган журналист.
Отправить новости WhatsApp News
Banner
3 комментария
  • Офицер
    Правительство в отставку, раз не могут дать открытый и четкий ответ по Раиму
  • Чыке
    Кошоматка кой сойгон укам, канча акча менен ушуну жаздың?
  • KG
    Кезек журналистерге жетти чукуламай

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter