23 ноября 2019, 15:57

Шайырбек Абдрахманов: Эмне үчүн "Азаттык" Атамбаев президент болгон учундар миллиондор айланганын изилдөөгө кошкон эмес

Шайырбек Абдрахманов: Эмне үчүн "Азаттык" Атамбаев президент болгон учундар миллиондор айланганын изилдөөгө кошкон эмес

 

"Азаттыктын" иликтөөсүнөн кийин жүрүп жаткан кептер, Өмүрбек Текебаевге жабылган Маевский-гейт сыяктуу жалаадай. Бул тууралуу журналист Шайырбек Абдрахманов жазып чыкты.

 

"Мурдагы күнү Азаттыктын белгилүү журналисти Али Токтокуновдун иликтөөсүн көрдүм. Кече болсо 5-каналдын жетекчиси, менин досум Эрнис Кыязовдун программасын көрдүм. Анан өзүмчө ой жооруп, Алинин иликтөөлөрүн, айткан дегендерин, Эрнистин да "бажыдагы бардак Атамбаевдин учурунда болгон экен, неге анын атын көрсөтүүдө бир да жолу атабадыңар?" деген Азаттыкка узатылган суроолоруна назар салып олтурсам, бүгүн КСДПнын депутаты Ирина Карамушкинанын Азаттыктын сайтына чыккан береги сөзү көңүлдү бурду.


Ээ кеп бул жакта жаткан экен го...


Ирина Карамушкина Президент Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоо ниетин билдириптир. Мына бая эле ушундан баштабайт белеңер... Болгондо да Ирина эжекебиз жанагы Саймаити деген неме 2012-2017- жылдары КРден сыртка чыгарган акчалар, бажыдагы схемалар, башкача айтканда баягында Эдил Байсалов, Өмүрбек Текебаевдер "Алмаз Шаршенович, сиз кантип мультимиллионер болуп кеттиңиз? -деп суроо берип жаткан жылдары болгон коррупциялык иштер үчүн "Транснационалдык коррупциялык топтун мүчөсү" деген кинээни учурдагы Президент Сооронбай Жээнбековго жапкысы келип жатыптыр. Муну мен баягы Өмүрбек Текебаевге жабылган Маевский-гейт сыяктуу жалаадай эле кабылдап жатам",-деп жазган журналист.

 

Banner
2 комментария
  • народ
    долбаеп пидораз былжырабачы кот жалагыч боло элегинде кысчу жеринди кысып олтур
  • Нурик
    Шайырбек мырза сиз айткан жылдары туштук бажысын раимдин мафиясы башкарган жана жана губернатор Соке эле..Атамбаев туштук тарапты Соке досуна ишенген экен.Ашанын косягы ишенчектигинде.Атамбаевдин алдым-жуттумдуулугуна копчулук ишенбейт деп ойлойм.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter