25 ноября 2019, 14:02

Алтынбек Сулайманов: Айэркен Саймаити боюнча түзүлгөн комиссиянын курамынан чыктым

 

 

Депутат Алтынбек Сулайманов Кытай жараны Айэркен Саймаити боюнча түзүлгөн комиссиянын курамынан чыкты. Бул тууралуу эл өкүлү социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

 

"Мени элге жаман көрсөтүү аракети күч алгандыктан, эл өкүлдөрү ушул болуп жаткан иштерди иликтеш керек деп комиссия түзүүнү демилгелегем.
Ошондуктан, коомчулукта эч кандай шек жаралбашы үчүн комиссиядан чыгуу туура деп чечтим.
Комиссиянын ишинин жүрүшүнө жарандык коом, журналисттер, депутаттар көз салып турат. Комиссиянын ишинин жүрүшү ачык болот деп ишенем",-деп жазган депутат.

 

Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter