26 ноября 2019, 09:54

Төрөбаев: Айрым саясатчылар Райымды камасын деп жатышат, убагында алар Матраимов алган добуш менен депутат болушкан

Төрөбаев: Айрым саясатчылар Райымды камасын деп жатышат, убагында алар Матраимов алган добуш менен депутат болушкан

 

 

“Айрым саясатчылар Райымды камасын деп жатышат, убагында алар Матраимов алган добуш менен депутат болушкан”.  Мындай пикирин депутат Бакыт Төрөбаев билдиргенин slon.kg жазып чыкты.

 

Азаттыктын иликтөөсү боюнча коомчулук жана журналисттер тарабынан мага көп суроолор берилип жатат. Кээ бир суроолорго укук коргоо органдары буга чейин жооп берген. Учурда тиешелүү бийлик бутактары өзүнүн пикирин билдирип, зарыл болгон иш-аракеттерди жасап жатат.
Кээ бир саясатчылар Матраимовду камаш керек деп жазып жатышат. Булардын комментарийин окуп, мурда Атамбаевди саткандай эле абал кайталанып жатканын көрүп турам. Ал кезде эмне үчүн анда унчугушкан эмес? Чындыгында азыр баатыр болушкан айрымдар Матраимов алган добуш менен депутат болуп отурушат.

 

Бул ишти укук коргоо органдары мыйзам чегинде карап, баардык суроолорго чекит коет деп ишенем. Менде да бул иликтөө боюнча бир топ суроолор бар. Азаттыктын иликтөөсүндөгү айтылган сөздөргө мен толук кандуу ишенген жокмун.


Айеркен Саймаити – деген бул ким? Бул биринчиден көз боёмочу (мошенник), аферист, жомокчу, экинчиден эки мамлекеттен эл аралык издөөдө жүргөн кылмышкер, үчүнчүдөн, Манас аэропортундагы машинанын багажындагы киши колдуу болуп өлтүрүлгөн кылмышка шектүү жана терористтер жүргөн аймактагы өкүлдөр менен байланышкан адам.


Анын интервьюсунан жалаң жалган сөздөрдү гана уктум. Биринчиси, банктагы операцияларга мен эмес, банк кызматкерлери кол койгон дейт. Өзүңүздөр билесиздер бир дагы банкта кызматкерлер кардардын документине кол койбойт.


Экинчиси, Кыргызстандан 729-500 миң долларды Ата-Түрк аэропорту аркылуу алып, эки-үч күндөн кийин кайра Туркиядан жөнөткөн. Анда Туркияга алып келгендин эмне кереги бар?


Үчүнчүсү, Эркештам бажы бекети боюнча айына Кыргызстанга 600-700 камаз келип, импорт болуп, ошол аркылуу план толуп, бюджетке акча түшүп турган. Менин билишим боюнча бир дагы ай план аткарылбаганын уккан эмесмин.


Саймаити ошол системаны жакшы билген адам. Чет өлкөгө ар бир акча товар үчүн жөнөтүлө тургандыгын, бизнес менен иштегендер билет. Айрыкча Кытай менен иштеген ишкерлердин карго жөнүндө кенен маалыматы бар. Саймаити которгон акчалар – бул абадан келген эмес. Ал товар үчүн Өзбекстан, Казакстан, Тажикстанга, Россияга кеткен акчалардын баарын Кыргызстан аркылуу которуп, учак аркылуу жөнөткөн. Бүгүнкү күндө деле ишкерлер ушундай иштерди кылып жатат.

Отправить новости WhatsApp News
Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter