Борбор калаабыздагы “Айчүрөк” кыздар лицейинде залкар манасчы Саякбай Каралаевдин 125 жылдыгына карата “Манас – көөнөрбөс мурас” аталышындагы иш чара болуп өттү. Аталган иш чарага “Сапат” билим берүү мекемесине таандык өлкөбүздүн түндүк регионунда жайгашкан бир катар лицейлердин окуучулары катышып, манас айтуу, кол өнөрчүлүк, эпостон үзүндү аткаруу боюнча күч сынашышты.

 

 

Уюштуруучулардын айтымында окуучулар сынакка даярдыкты мындан 3-4 ай мурун башташкан. Негизги максаты алардын "Манас” эпосуна, аны даңазалап, кылымдан-кылымга сакталуусуна өбөлгө болгон манасчылар дүйнөсүнө болгон кызыгуусун өөрчүтүү болуп саналат.

  

Бүгүнкү таймашта “Манас” эпосунан үзүндү айтып жаткандардын арасында кыздар дагы бар. Мындан сырткары окуучулар иш чаранын темасына ылайык колго жасаган көргөзмө жана сүрөттөрдү калыстарга сунушташты. Катышуучулардын бири Эрмектин айтымында, өзү курактуу башка окуучуларга салыштырмалуу музыка ордуна эпосту угуп эс алат. Ал бардык жаштар жок дегенде, эпостон үзүндүнү жатка билүүсү шарт деп эсептейт.

 

Быйыл Саякбай Каралаевдин 125 жылдыгына карата иш чаралар Кыргызстандын бүткүл аймагында өтүп жатат. Ал – манасчылардын арасында эң чоң варианттын жаратуучусу катары белгилүү. Улуу манасчы  "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтигинен сырткары "Эркин таңында", "Эр Төштүк", "Бүркүттөр", ж.б аңгеме, жомокторду, бир катар чыгармаларды жараткан. Ал 1971-жылдын 7-майында 77 жаш курагында Фрунзе шаарында дүйнөдөн кайткан.

Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter