Оор жүк ташуучу унаа айдап, коңшулаш өлкөлөрдөн жүк ташыган айдоочулардын бажы текшерүүсүнөн өтүү процесстери кыйла жеңилдетилди. Дегенибиз, буга чейин жүк ташуучулар бир нече сааттап кезек күтүп текшерүүдөн өтсө, азыр бажы тармагында текшерүүнүн автоматташтырылган системасы ишке ашып, бул процесс көп дегенде жарым саатты алат.

Кытай өлкөсүнөн ташылып келинген жүктөр текшерүүнү алгач Нарындагы “Торугарт” өткөрмө пунктунан өтүшөт. Текшерүү өзүнө 6 этепты камтыйт.

  1. Радиациялык көзөмөл
  2. Санитардык карантиндик көзөмөл
  3. Ветеринардык көзөмөл
  4. Карантиндик фитосанитардык көзөмөл
  5. Транспорттук көзөмөл
  6. Бажы көзөмөлү

Өткөрмө пунктарында жүктөрдүн өтүү убактысын кыскартуу максатында өлкө аймагына ташылып келе турган жүк тууралуу маалымат 30 күндөн эрте эмес, 2 сааттан кеч эмес бажы кызматын электрондук базасына жайгаштырылат. Ал маалыматтарды дүйнөнүн каалаган жеринен интернет байланышы аркылуу берүүгө болот. Алдын ала маалыматтар бажы контролунун формаларын тийиштүү түрдө колдонууну камсыздайт.

 

Учурда “Торугарт” өткөрмө пунктунда жүк текшерүүчү заманбап жабдыктын жакынкы аралыкта ишке берилүүсү күтүлүп жатат. Атайын тыкыр кароо кампасында жүк ташуучу унаанын ичиндеги заттар монитордон даана көрүнөтт, аз убакыттын ичинде монитордон кандай зат ташылып келе жатканын таап коюуга болот. Заттар атайын түстөрдүн негизинде аныкталат.

 

Алсак:

 

Кызыл түс  – органикалык заттарды билдирет. Аларга: өсумдук, жыгач, алкоголдук ичимдиктер кирет.

Жашыл түс - женил металл (айнек, алюминий, кум, туз ж.б)

Көк түс - метал (болот жана жез)

Ал эми сыя түс менен – оор метал (алтын, платина жана коргошун) аныкталат.

Жүк текшерүүчү заманбап жабдык менен иштөөнү бажычыларга атайын Орусиядан чакырылган адистер менен Кызыл-Кыя шаарында 1 жума даярдоодон өтүшкөн.

 

Кытай Эл Республикасынан келген жүктөр аталган өлкөнүн бажысы бекиткен пломба менен келип, чек арадан өткөн соң кыргыз тараптын пломбасы коюлат. Жүк дыкаат текшерүүдөн өткөндөн кийин, ал тууралуу маалымат чогултулуп, сейф баштыкка салынат. Андан соң коштоочу инспектор менен биргеликте жүк ташуучу унаалар Кант шаарындагы Бажы тариздөө жайына жөнөтүлөт. Канттагы бажы тариздөө жайынан кызматкер жүк тууралуу электрондук маалыматты текшерип, жук келгенин белгилеп декларацияны жабат. Анын негизинде убактылуу сактоочу документ түзүлүп, тыкыр текшерүүдөн өтөт. Жүк ээси бажы төлөмдөрүн ишке ашыргандан кийин, инспектор менен бирге жүк ачылып, жерге түшүрүлөт дагы, кайрадан тыкыр текшерүүдөн өтөт.

  

Азыркы учурда өткөрмө пунктарында жана бажы тариздөө жайларында бажычылардын ишмердигине мониторинг жүргүзүү үчүн Мамлекеттик бажы кызматынын борбордук аппаратына маалыматтарды онлайн берүү менен видеобайкоо системасын ишке киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Ушул тапта 472 видеобайкоо камераларын орнотуу иштери аяктаган, алардын ичинен “Торугарт” өткөрө пунктунда 73 видеокамера бар.

Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter