Бүгүн, 13-декабрда Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жактоочусу Татьяна Карыжинская жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө маалымат жыйын өткөодү. Жактоочу маалымат жыйындын башкы максатын айтып, провокациялык суроолорго жооп бербей турганын билдирди.

«Сабырдын да аягы болот. Бардык маселени укук талаасында чечүү үчүн сотко арыз берилди. Көпчүлүк арызда компенсация катары талап кылынган каражаттын суммасына нааразы болуп жатышат. Өзүңөр ойлоп көрсөңөр, коомчулукка Матраимовдорду коррупциянын символу катары көрсөтүп, анын үй-бүлөсүн мамлекеттин бардык каражатын уурдагандар катары көрсөтүп жатышканын”,-деди жактоочу.


Буга кошумча жактоочу “Азаттык” үналгсынын журналисти Али Токтакунов тергөөгө сурак берүүдөн качып жүргөнүн айтты.

“Биринчи изилдөөдөн кийин Али Токтакунов баштапкы документтерди көрсөтүүнү убада берген. Бирок, ушул убакка чейин укук коргоо органдарына дагы эч кандай документтер келип түшкөн эмес”,-деди Карыжинская.


Татьяна Карыжинская изилдөөдө колдонулган негиздердин чындыкка келбесин белгиледи.

“Изилдөөдө негиз катары издөөдө жүргөн адамдын айткандары колдонулуп, кандайдыр бир кол коюлбаган документтер чагылдырылган. Бажы тармагындагы транзиттик жүктөр жол-жобосуз өткөнү да айтылган. Менин оюмча бул нерсени ал тармакты билбеген адам гана айтат”,-деди жактоочу.


Ага кошумча, Айеркен Саймаитинин көзү тирүү болбогонуна байланыштуу, анын сөздөрүнө таянып жалган жалаа жабуу туура эмес деген пикирин айтты.

“Биз бардык далилдерди соттун жүрушүндө көрсөтүп беребиз. Учурда каза болуп, айтылган маалыматтарды тастыктап же четке кага албай турган адамга таянып башкаларга жалаа жабуу туура эмес деп эсептейбиз. Бардык суроолорду укук талаасында чечебиз. Ал эми арыздан түшкөн каражат биздин башкы максат эмес, анын баары балдар үйүнө жумшалат”,-деп билдирди Татьяна Карыжинская .

Отправить новости WhatsApp News
Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter