14 декабря 2019, 15:24

Мушкер Азат Усеналиев Орусиядагы турнирде алтын медаль жеңди

Мушкер Азат Усеналиев Орусиядагы турнирде алтын медаль жеңди

 

Кыргыз мушкери Азат Усеналиев Орусияда өтүп жаткан “Мунай мамлекеттеринин дүйнө Кубогу” аталышындагы эл аралык мелдештин жеңүүчүсү аталды.

 

Усеналиев 52 килограмм салмакта күч сынашып, Азербайжан, Өзбекстан жана Орусия өлкөлөрүнүн мушкерин жеңип финалга чыккан. Финалда кыргыз мушкери эквадорлук Луис Дельгадо менен кез келип, калстардын чечими менен жеңүүчү аталды.

 

Буга чейин Эркин Адылбек уулу ушул турнирде коло медаль тагынган.

maksat
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter