16 декабря 2019, 11:06

Бишкекте автобус, троллейбус жана эки жеңил унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, андан 8 адам жабыркады

 

Бишкекте автобус, троллейбус жана эки жеңил унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, андан 8 адам жабыркады

 

Бишкекте 14-декабрда автобус, троллейбус жана эки автоунаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, кырсык Гагарин жана Термечиков көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Анын кесепетинен 8 киши жабыркаганы айтылат.

 

“Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаа менен троллейбус жөө адамдарды өткөрүп, токтоп турган. Ошол маалда №6 автобус троллейбусту сүзүп, ал автобуска Форд Фокус үлгүсүндөгү автоунаа келип урунган. Кырсыктан жабыркагандар №4 шаардык ооруканага жеткирилген. Ал эми айдоочуларга амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, бир жүргүнчүнүн абалы оор”, - деп айтылат маалыматта.

maksat
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter