16 декабря 2019, 15:30

Садыр Жапаровду абактан бошотуу үчүн 500 миң кишинин колу топтолду

 

Садыр Жапаровду абактан бошотуу үчүн 500 миң кишинин колу топтолду

 

Саясатчы Садыр Жапаровду абактан бошотуу үчүн учурда 500 миң кишинин колу топтолду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жарандык активист Мелис Аспеков билдирди.

 

Айтымында, алар Садыр Жапаровду бошотууну талап кылган миллион кишинин колун топтоп, өлкө башчы Сооронбай Жээнбековго жиберүүнү максат кылышууда.

 

"Учурда Садыр Жапаровду абактан бошотуу үчүн топтолгон кол тамга 500 миңден ашты. Бул санды миллионго жеткирүүнү көздөп жатабыз. Топтолгон кол качан миллионго жете турганын айта албайм, буюрса жетет. Андан соң аны президентке өткөрүп бергени жатабыз", - деди Аспеков.

 

Буга чейин абактагы саясатчы Садыр Жапаров президенттен ырайым сураган. Маалыматты мурдагы депутат Садыр Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов ырастап, каттын президенттин дарегине жөнөтүлгөнүнө бир айдай болуп калганын билдирген.

 

2017-жылдын 20-сентябрь күнү Садыр Жапаровдун атасы Нургожо Жапаров каза болгон. Садыр Жапаровго атасын акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышууга уруксат берүү боюнча жактоочусу, жакындары кайрылып, атүгүл Жогорку Кеңеште депутат Талант Мамытов да суранган. Бирок Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Жапаров соттолгон беренеге (ред. барымтага алуу) таянып, кыска мөөнөткө жазасын өтөп жаткан жерди таштап кетүүгө болбойт деген негизде жаназага катышууга уруксат берген эмес. Арадан эки күн өткөндөн кийин Садыр Жапаровдун атасынын сөөгү жерге берилген. 2019-жылдын 27-март күнү Садыр Жапаровдун апасы Кадижан Максутова кайтыш болгон. Бул сапар ага уруксат берилип, апасын жерге берүү зыйнатына катышкан. Ал эми 26-август күнү Садыр Жапаровдун тун уулу Дастан Садыр уулу жол кырсыгынан улам каза болуп, уулунун акыркы сапарга узатуу зыйнатына Садыр Жапаровдун катышуусуна уруксат берилген.

Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
maksat
1 комментарий
  • vadimvirred
    Легкий Заработок в Интернете от 10 000 - 15 000 рублей в день

    Сайт:
    to588xBOy

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter