“Кыргызнефтегаз” ААКнун эмгек жамааты өлкө башчы Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасашты.  Аталган кайрылууда мамлекетибиздин нефтиге болгон көз карандысыздыгын азайтуу жана элди мүмкүн болушунча өзүбүздүн табигый газ менен камсыздоо, жаңы нефть кендерин табуу, иш орундарын жана жаңы ишканаларды ачууга багытталган төмөнкү үч сунуш жазылат:

 

  1. Жогорудагы жумуштарды иш жүзүнө ашыруу үчүн Россия Федерациясынын
    ПАО"Газпром" ишканасынан "Кыргызнефтегаз" ААКна 1 миллиард АКШ
    долларынан кем эмес акча каражатын жумшашы зарыл.
  2. Салынган акча каражатын беш жылдын ичинде жумшалып алгылыктуу
    жыйынтыктарды алуу керек, себеби кыска мөөнөттүн ичинде иш
    алып барбаса убакыт отуп актуалдуулугун жоготуусу же жетекчилер алмашып
    талаптар иш жүзүнө ашпай, Кыргыз Республикасы
    үчүн пайда алып келбей калышы мүмкүн.

    3. "Кыргызнефтегаз" ААКму менен профсоюз уюмунун ортосунда түзүлгөн
    "Жамааттык келишим" (социалдык пакет) толугу менен жана профсоюз уюму
    сакталып калышы зарыл. Бул жалпы эмгек жамааттын мүдөөсү,-деп жазылат маалыматта.

Мекемеден маалымдашкандай, учурда ишканада 2600дөн ашык дасыккан, күжүрмөн жумушчулар жана нефть газ өндүрүү боюнча күчтүү адистер иштешет.


"Кыргызнефтегаз" ААКнун балансындагы кендерде такталган 4.043 млрд м3-газ, 10,656 млн тоннадан ашык нефтинин запастары бар. Ошол кен байлыктарды батыраак өндүрүп алуу жана Жалалабаттагы нефтини кайра иштетүүчү заводту ("КПІК" ЖАК") реконструкция кылуу же жаңы завод куруу үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасында тоолор арасында жайгашкан ойдундардагы (Нарын, Алай, Ат-Башы, Аксай, Суусамыр, Токтогул ж.б.) Союз маалында СССР геология институту тарабынан изилденип эсептелген прогноздук корумдар баардыгы 457,7 млн тонна шарттуу көмүр-суутекти түзөт. Ошол жерлерге геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн техникалык базаны чындоо зарыл.

 

"Кыргызнефтегаз" ААКнун кызматкерлери Жээнбековго кайрылуу жасашты

 

 


"Кыргызнефтегаз" ААКнун кызматкерлери Жээнбековго кайрылуу жасашты

Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter