2019-жылдын 14-декабрь күнү Борбор Азиядагы Америка университетинин кампусунда DevFest 2019 IT-конференциясы болуп өттү. Аталган иш чаранын максаты IT-технологияны жана Google продукцияларын өнүктүрүү болуп саналат. Мындан сырткары мектеп окуучуларын жана студенттердин технологияга болгон кызыгуусун арттыруу башкы максаттардын бири.

Фестиваль профессионалдар арасында байланыштарды арбытууга дагы багытталган. Ар бир конок өз кесибинин мыкты адистери менен технология жаатындагы акыркы жаңылыктар тууралуу маек кура алды. Спикерлердин атайын даярдаган презентацияларын коюлупп, кызыктыруучу суроолорду берүүгө дагы мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Учурда Кыргызстанда IT жаатына кызыккан жаштардын саны жыл сайын өсүп келет. Атайын бул багытта окутуучу тармактар дагы бар. Серепчилердин айтымында бул тармак бат өнүгүүдө. Мындан сырткары инновациялык технологиялар ата мекендик экономиканын өнүгүшүнө бир кыйла түрткү берет.

Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter