23 декабря 2019, 17:55

Айына 1 жарым миллион сомдон ашык. Эмманюэл Макрон президенттик пенсиядан баш тарткан алгачкы президент болуп калды

 

Айына 1 жарым миллион сомдон ашык. Эмманюэл Макрон президенттик пенсиядан баш тарткан алгачкы президент болуп калды

 

Франциянын президенти Эмманюэл Макрон президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин берилүүчү пенсиядан баш тартууну пландап жатат.

 

Батыш маалымат булактарынын маалыматына ылайык, президент мындай чечимди пенсиялык реформага байланыштуу көтөрүлүштөрдөн улам кабыл алган. Муну менен ал пенсиядан баш тарткан алгачкы президент болуп калды.

 

1955-жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык, Франциянын мурдагы президенттерине өмүр бою пенсия берилет. Пенсиянын суммасы азыркы мамлекеттик кеңешчинин маянасына - 6220 еврого (481 миң 540 сом) тең.

 

Мындан тышкары, ал президенттер өмүр бою мүчө болуп кала турган Конституциялык кеңештин тизмесине кирүүгө ниеттенбей жатат.

 

Конституциялык кеңештин мүчөлөрү ай сайын 13 миң 500 евро (1 миллион 45 миң 276 сом) алышат. Буга чейин кеңештин мүчөлөрүнө берилчү каражаттан мурдагы президент Франсуа Олланд баш тарткан. 2013-жылы Николя Саркози Конституциялык кеңештен чыгып кеткен.

 

Францияда 5-декабрдан бери нааразычылык акциясы өтүп жатат. Бийлик көптөгөн кесиптин ээлерин пенсияга эрте чыгууга жана башка жеңилдиктерди пайдаланууга мүмкүнчүлүк берген 42 пенсиялык режимден баш тартууга ниеттенип жатат. Мунун ордуна балл менен эсептеле турган бирдиктүү систем киргизүү сунушталууда.
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
maksat
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter