27 декабря 2019, 15:59

"Ата Мекен" фракциясынын лидери А. Мамашова: Дагы деле шок болуп, өзүмө келе албай жатам

"Ата Мекен" фракциясынын лидери А. Мамашова: Дагы деле шок болуп, өзүмө келе албай жатам

 

 

Айсулуу Мамашова "Ата Мекен" фракциясынын лидери болуп шайланды. Депутат эки жолу добуш берүү болгонун super.kg сайтына айтып берген.

 

"Бизде эки жолу добуш берүү болду. Эки талапкердин ортосунда болгон добуштар 5тен болуп калды. Кесиптештерим башка талапкерди тандоону сунушташты. Анан "Айсулуу сен татыктуусуң" деп айтышса, тамаша катары кабыл алдым. Бирок добуш берүү болуп, бардыгы колдоп колун көтөрсө шок болдум. Дагы деле өзүмө келе албай жатам", - дейт Айсулуу Мамашова.

 

Буга чейин Алмамбет Шыкмаматов мандатын тапшыра турганын билдирген. Ал "Ата Мекен" партиясынан чыгып жатканын дагы айтты. Шыкмаматов партиянын лидери Өмүрбек Текебаев менен болгон пикир келишпестиктен улам ушундай чечимге келгенин айтты. Ал партиядан кетүүгө мажбур экенин кошумчалады.

Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter