11 января 2020, 15:06

Орусияда азербайжандык адамдар кыргыз жаранын тоноп кетишти

 

Орусияда азербайжандык адамдар кыргыз жаранын тоноп кетишти

 

Орусияда Азербейжандын үч жараны кыргызстандыкты тоноп кетишти. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

 

Окуя 9-январь күнү Санкт-Петербург шаарында катталган. Анда таксист болуп эмгектенген кыргыз жаранын үч адам тоногон. Шектүүлөр Азербейжандын жарандары —  үч бир тууган болуп чыкты.

 

— Алар таксиге буйрутма беришкен. Таксист келгенден кийин айдоочунун бетине газ баллондон газ чачышкан. 25 жаштагы кыргыз жаранынын 15 миң рублин, уюлдук телефонун жана банктык карталары менен документтерин алып кетишкен, — деп айтылат кабарда.

 

Көп өтпөй шектүүлөр колго түшүрүлүп, тергөө иштери башталган.

maksat
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter