14 января 2020, 10:05

Ысык-Көлдө оор жүк ташуучу унаалар кагышып, 2 киши каза болуп, 2 адам жаракат алды

 

Ысык-Көлдө оор жүк ташуучу унаалар кагышып, 2 киши каза болуп, 2 адам жаракат алды

 

Ысык-Көл районунун Өрнөк айылында оор жүк ташуучу унаалар кагышып, 2 киши каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык Балыкчы–Каракол унаа жолунун 55-чакырымында болгон. Жолдо «КамАЗ» жана «МАН» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаалар кагышкан.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кырсыктын кесепетинен«КамАЗдын» кабинасы күйүп, 2 эркек киши каза болуп, дагы 2 адам жабыр тартты. Мерт болгондордун жансыз денелери ИИМ кызматкерлерине тапшырылды. Жаракат алгандарды тез жардам кызматы алып кеткен. Учурда алардын аты-жөнү такталууда.

maksat
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter