14 января 2020, 11:35

Мурдагы күйөө баласын экинчи аялы менен жалгыз калганда атып кеткен кайын атанын кеги. Окуянын жаңы жагдайлары

 

Мурдагы күйөө баласын экинчи аялы менен жалгыз калганда атып кеткен кайын атанын кеги. Окуянын жаңы жагдайлары

 

Лейлек райондук сотунда Жазык кодексинин 130-беренесинин (Киши өлтүрүү) 2-бөлүгүнүн 3-пункту жана Жоруктар жөнүндө кодексинин 66-беренесинин (Ден соолукка жеңил зыян келтирүү) 1-бөлүгү менен айыпталган Дилмураттын (аты өзгөртүлдү, Х.Д.Т.) кылмыш иши каралды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Айыпталуучу Дилмурат Лейлек районунун Бешкент айыл өкмөтүнүн 1971-жылы туулган тургуну. Эч жерде иштебейт. Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы. Мурда соттолгон эмес. 2019-жылы 28-октябрда камакка алынган.

Тергөө кызматынын маалыматына караганда, Дилмурат 2019-жылы 16-июлда болжол менен саат 21:00 чамасында өзүнүнүн үйүнүн алдынан мурдагы күйөө баласы — Лейлек районунун Бешкент айыл өкмөтүнүн 1994-жылы туулган тургуну Гапар (аты өзгөртүлдү, Т.Г.Я.) менен буга чейин пикир келишпестиктен улам урушуп, жакалашып кетишкен. Ошол жерден Дилмурат Гапардын оң жак бетине 2-3 жолу уруп жиберген.

Ага чейин 2017-жылы 21-октябрда Дилмураттын 2000-жылы туулган кызы Амина (аты өзгөртүлдү, Д.к.А.) Гапарга турмушка чыккан. Бирок эки жаш бирге жашап баштагандан тартып эле өз ара пикир келишпестиктер жаралып, 4-5 айдан кийин ажырашып кетишкен. Кыздын атасы жана Гапардын ортосунда чыр чыгып, Дилмурат өч алууну көздөгөн. Ал 2019-жылы 27-октябрга караган түнү болжол менен саат 00:30 чамасында Гапардын үйүнүн алдына барып, өзү менен кошо сактап жүргөн 16 калибрдагы эки көздүү сайсыз мергенчилик ок атуучу куралын ала келип, Гапардын сыртка чыгышын күтүп турган. Гапар гаражынын үстүнө үй болуп курулган экинчи кабаттагы балкондон сыртка чыкканда аны аңдып турган Дилмурат мылтыгы менен оң жак желкесине аткан. Гапар жаракат алып, үйүнүн ичине качып кирип, сырткы эшигин жаап алууга аракеттенип жатканда Дилмурат тепкич менен үйдүн экинчи кабатына чуркап чыгып, желимден (пластик) жасалган эшиктин айнегин мылтыктын темир стволу менен талкалап, Гапардын моюнунун сол тарабына атып, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен.

Лейлек районунун соттук-медициналык кызматынын корутундусуна ылайык маркум Гапар атылган октун кесепетинен каза болгон.

Айыпталуучу Дилмурат сот отурумунда күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, Гапар кызынын мурдагы күйөөсү экенин, экөө бир кыздуу болушканын айтты. Анын айтымында, жаш жубайлар ажырашып кеткенден кийин мурдагы күйөө баласы аларга жана кызына тынчтык бербей, алар үйдө жокто кызына келип, аны уруп, кызынын сүрөтүн монтаждап, социалдык тармактар аркылуу таратам деп коркутуп, айыл ичинде ар кандай жаман ушактарды таратып жүргөн. Дилмурат 2019-жылы 16-июлда ооруканадан үйүнө келгенде атасын (Дилмураттын атасы) Гапар жакасынан кармап турганын көрүп, ачуусу келип, аларды ажыратып, мурдагы күйөө баласынын бетине уруп жиберген жана Гапар кетип калган. Кийин Гапар башка кыз менен турмуш куруп, бирок аларга жана кызы Аминага тынчтык бербей, үйүнүн алдына унаасы менен келип, музыканын үнүн бийиктетип угуп, тынчтык берчү эмес. Ошондон улам Дилмурат 2019-жылы 26-октябрда болжол менен саат 21:00 чамасында мылтыгын алып, мурдагы күйөө баласы Гапардын үйүнө барып, Гапардын ата-энеси унаа менен үйдөн чыгып кетишкенин көрүп, мурунку күйөө баласынын сыртка чыгышын күтүп отурган. Болжол менен саат 00:00 чамасында Гапар балконго чыкканда аны атып, Гапар үйүнө качып киргенде анын артынан жетип барып экинчи жолу ок чыгарган. Дилмурат 4 баласы бар экенин, кылган ишине өкүнүп жатканын кошумчалап, кечирим сурап, жеңил жаза берүүнү суранды.

Ал эми жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү Язид (аты өзгөртүлдү, Я.Т.) сот отурумунда маркум Гапар уулу болорун, 2019-жылы 16-июлда болжол менен саат 21:00 чамасында Гапар уулун көрүп келүү үчүн мурдагы жубайы Аминанын үйүнө барганын айтты. Анан үйдөн Аминанын чоң атасы чыгып, Гапарды «эмне үчүн келдиң?» деп уруп жатканда айыпталуучу Дилмурат да келип калып, Гапарды бетине уруп, кетирип жиберген. Язиддин айтымында, 2019-жылы 26-октябрда жубайын, неберелерин унаага салып алып улуу уулунун үйүнө барышкан. Түн кирип кеткендиктен ошол уулунун үйүнө конуп калышкан. Уктап жатышканда жубайынын чөнтөк телефонуна бирөө чалып, Гапарды өлтүрүп кетишкенин айтышкан. Алар үйүнө келгенде экинчи кабаттагы бөлмөдө Гапардын денеси кан жана жарым жылаңач болуп жатканын көрүшкөн. Аны ооруканага алып бара жатышканда каза болуп калган. Язид айыпталуучуну кечирбей турганын, аны мыйзамда көрсөтүлгөн эң жогорку мөөнөт — жыйырма беш жылга эркинен ажыратууну суранды.

Күбө катары суралган Ж.И. ага 2019-жылы 28-октябрда эртең менен милиция кызматкерлери келип, соттун токтомун көрсөтүп, унаа коюучу гаражын ачтырып, ал жактан ок атуучуу курал табышканын билдирди.

Ал эми Амина сот отурумунда Гапар менен 2017-жылы баш кошуп, андан кийин Россияга иштегени барышканын, бирок ал жактан күйөөсү уруп, үйгө жалгыз камап кетип, тамак бербей кыйнай бергендиктен Кыргызстанга ата-энесинин үйүнө кетип калганын айтты. Анан кайын энеси (Гапардын апасы) алып кеткенин, кайын журту менен жашап жүргөндө маркум жолдошу Гапар ага Россиядан телефон чалып, жаман сөздөр менен сөгүп, «сага үч талак, боюңдагы кыз меники эмес, анын мага кереги жок, алдырып ташта же өлүк төрөлсүн» дегенинен кайра өз үйүнө кетип калганын билдирди. 2018-жылы 23-июлда кыздуу болуп, Гапар Россиядан Кыргызстанга келгенден кийин «кызымды көрөм» деп кайра-кайра үйүнө келип, атасы Дилмурат жокто тополоң салып, уят сөздөр менен сөгүп, ушак таратып, башка кызга үйлөнсө дагы тынчтык бербей келгенин кошумчалады.

Маркум Гапардын экинчи жубайы Дилноза (аты өзгөртүлдү, Д.И.) 2019-жылы 27-октябрга караган түнү саат 00:30 чамасында Гапар балконго чыгып, кайра үйгө киргенде «тарс» деген үндү укканын, чуркап барганда күйөөсүнүн килемдин үстүндө денеси кан болуп жатканын көрүп, үйдө эч ким жок болгондуктан кошуналарын чакырып келгенин, кийин кайын атасы жана кайын энеси аны ооруканага алып кетишкенин билдирди.

Жыйынтыгында сот Дилмуратты күнөлүү деп таап, 13 жыл 6 айга эркинен ажыратты. Ошондой эле Жоруктар жөнүндө кодексинин 66-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде күнөөлүү деп таап, 250 эсептик көрсөткүчтөгү (25 миң сом) айып салынды. Өкүмгө нааразы тарап 30 күндүн ичинде Баткен облустук сотуна апелляциялык тартипте даттанып же сунуш келтире алат.

Соттун өкүмү 10-январда чыкты.

27-октябрда Лейлек районунун Бешкент айылында желкесине ок атылган 25 жаштагы жигит каза болгонун жазган.

Каза болгон жигит аны атууга шектелип кармалган 48 жаштагы Х.Д.нын кызы менен 2 жыл жашап, 1 кыздуу болгондон кийин ажырашып кеткен. Ал 1 ай мурда башка кызга үйлөнгөн. Х.Д. кызын башка бирөө менен кудалашып койгондо мурдагы аялын кызганган күйөө бала ал жигит менен да мушташып, жаңжал чыгарган.

Маркумдун денеси 28-октябрь күнү жерге берилген.

Мурдагы күйөө баласын экинчи аялы менен жалгыз калганда атып кеткен кайын атанын кеги. Окуянын жаңы жагдайлары

 

 

Мурдагы күйөө баласын экинчи аялы менен жалгыз калганда атып кеткен кайын атанын кеги. Окуянын жаңы жагдайлары

Отправить новости WhatsApp News
maksat
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter