14 января 2020, 15:37

Футболдук борбор курула турган жер табылды (Фото)

 

Футболдук борбор курула турган жер табылды (Фото)

 

Футболдук борбор курууга Чүй облусундагы Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн аймагынан 21,4 гектар жер тилке бөлүп берүү иштери башталды.

 

Бөлүнгөн жер тилке Бишкек шаарынын түштүк-батыш аймагындагы Арча-Бешик жаңы конушунан кийинки А.Масалиев көчөсүндө жайгашкан.

 

«Баракелде» басылмасынын кабарчысы Орок айыл өкмөтүнүн башчысы Уран Чоодуевден буга байланыштуу маалымат алды.

 

Кыргызстандын Футбол федерациясынын башкы катчысы М.Сыдыков Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысы У.Чоодуевге футболдук борбор курууга 15 гектардан кем эмес жер тилке бөлүп берүү маселеси менен кайрылган. Бул кайрылууну жергиликтүү кеңештин депутаттары менен айыл тургундары кеңейтилген жыйында карашкан. Орок айыл өкмөтү каршы болбой, чоң спорттук борбордун курулушуна макулдугун берген.

 

Айыл өкмөт башчынын айтымында, бөлүнүп бериле турган жер тилке Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондуна таандык.

 

«Бул жер айыл өкмөттүн аймагында жайгашканы менен бизге карабайт. Бирок өкмөт колдонууга берген. Тактап айтканда, биздин аймакта жайгашканы менен бул жер өкмөттүн менчиги. Бизге кайрылышканда жергиликтүү кеңештин депутаттары долбоор менен таанышып, макулдугун беришкен», - деди ал.

 

Бишкек шаардык кеңештин депутаттары жер тилкесин бөлүү маселесин кароодо ФИФА грант катары 3,5 млн доллар бөлө турганы белгилүү болгон. Бул каражатка ФИФАнын, Азия футбол конфедерациясынын жана чет өлкөлүк донордун гранттары кирет. Калган каражатты Футбол федерациясы башка демөөрчүлөрдөн алууга аргасыз.

 

Селекция айылында Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондуна таандык жерлер жайгашкан. 2002-жылдын 10-январында өкмөттүн токтому менен 55,53 гектар айдоо жери Орок айылына мөөнөтсүз пайдаланууга берилген.

---------------------------------------------------

Буга чейин Футбол федерациясы Бишкек шаарынын мэриясынан 10 гектарга чейинки жер тилке берүүнү сурап, 2019-жылдын 31-декабрына чейин берилбесе ФИФА, АФК грант үчүн бөлө турган каражат башка өлкөгө бериле турганын билдирген.

 

Декабрь айынын аягында шаардык кеңештин сессиясында футболдук стадион куруу үчүн Бишкектин аймагынан жер тилке бөлүп берүү маселеси каралган. Жылдын аягындагы акыркы сессияда бул маселе чечилбей, шаардык кеңештин отуруму 14-январга жылдырылган болчу.

maksat
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter