16 января 2020, 10:26

Алмазбек Атамбаев үй-бүлөсү менен жолукту

 

Алмазбек Атамбаев үй-бүлөсү менен жолукту

 

Алмазбек Атамбаевдин улуу баласы Сейитбек Атамбаевге атасы менен жолугушууга уруксат беришти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жактоочу Сергей Слесарев билдирген.

 

Анын айтымында, камактагы мурдагы мамлекет башчы жубайы Раиса Атамбаева жана кичүү уулу Кадыр менен да жолукту.

 

«Алмазбек Атамбаев өзүн жакшы сезүүдө. Ал эч нерсеге нааразы эмес. Азыркы тапта Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш ишинин материалдары менен таанышууга киришип жатам. Мен экспертизанын жыйынтыктарынын айрымдары менен таанышмын. Психиатриялык экспертиза тууралуу бир нерсе дей албайм. Мен корутундусун көргөн жокмун», — деди жактоочу.

 

Ал Алмазбек Атамбаев 8 эпизод боюнча шектелип жатканын айтты. Анда «Массалык башаламандыкты уюштуруу», «Адам өлтүрүү», «Адам өмүрүнө кол салуу», «Бийлик өкүлүнө карата зомбулук же коркутуу», «Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу», «Куралды мыйзамсыз жүгүртүү», «Кишилерди барымтага алуу», «Адам өлтүрүүнү уюштуруу» беренелери тууралуу кеп болууда.

 

Алдын ала маалыматка ылайык, иш боюнча 12 киши айыпталуучу макамына ээ. Иш менен таанышып бүткөн соң Башкы прокуратурага жолдонуп, андан ары сотко өтөт. Жактоочу сот жабык өтүшү мүмкүн деди.

Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
maksat
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter