2019-жылдын 17-декабрь күнү Бишкек шаарындагы №95 мектептин башталгыч классынын мугалими Гүлфиза Мамытбекова менен окуучунун апасы Шахзада Авсаматованын ортосунда пикир келишпестик орун алган. Кийинчерээк аталган окуяны чагылдырган чакан видео социалдык тармактарга тарап, окуянын чоо-жайы айтылган болчу. Анда окуяга "окуучунун апасы күнөөлүү" деп айткандар, ошол эле учурда "мугалим окуучунун сураган буюмун берип койсо, азыркыдай чырга жол берилбейт болчу" дегендер болгон. Видеодо окуучунун апасы мугалимди колдон тартып, директорго алып баруу үчүн класстан алып чыкканын көрүүгө болот. Аталган окуяны чагылдырган видео тарап кеткенине байланыштуу окуучунун апасы Шахзада Авсаматова бир тараптуу каралоого кабылганын айтып, SUPER.KG порталына кайрылды.

 

Окуучунун апасы мугалимди класстан жулкулдатып чыгарган окуя. Чырдын анык себеби эмнеде? (видео)

 

“Окуя болгон учурда мен адаттагыдай үйдө балам менен олтургам. Кызым Умай эки мектепте окуйт. Кызымдын бул жактагы сабагы саат 14:00дө бүтүп, адаттагыдай П.Шубин атындагы балдар музыкалык мектебине барышы керек болгон. Тилекке каршы, ал күнү окуя таптакыр башкача нукта орун алган. Кызым сыртка кийип чыга турган бут кийимин класстан алуу үчүн мугалимден уруксат сураганда, аны алууга уруксат берген эмес. Кызым үшүп, бут кийимин ала албай турган. Мугалим ал жерде “2-сменада окуган окуучулар классты кечиктирип бошотту” деп жатат. Бул жерде мен айтар элем, окуучулар биринчиден жөндөн-жөн эле классты кеч бошотпойт. Ал жерде окуучуларды көзөмөлдөгөн мугалим болот. Мындан улам "3-смена баштала турган учурдун убактысын кайсы мугалим алган?" деген суроо бар. Ошондуктан айтылган пикирди мугалимдин калпы деп эсептейм", - дейт Авсаматова.

 

Бул окуядан улам Авсаматова мугалимдердин жеке өзүнө нааразычылыгы бар экенин дагы кошумчалап өттү. Айтымында, ал мугалимдерден тактыкты жана актыкты талап кылып, мектептеги кээ бир маселелерге кийлигишип, көзөмөлгө алып келген. Биз социалдык тармактарга тараган видео тууралуу окуучунун апасына "балким, балаңызга эне катары жан тартып жаткандырсыз, видеого түшүп калган абалга сизди эмне түрттү?", "мугалим менен жекече сүйлөшүүгө мүмкүн болбодубу?" деген суроо узаттык. Ал “мугалимди тартып, директорго алып чыгууга, өзү мажбур кылды” деп жооп узатты.

 

Окуучунун апасы мугалимди класстан жулкулдатып чыгарган окуя. Чырдын анык себеби эмнеде? (видео)

 

Айтымында, ал мугалимди эки жолу акырын сүйлөп, директорго барууга чакырган, бирок ал ордунан козголбой, тоготпогондой мамиле жасаган. Мындан улам окуучунун апасы мугалимди колдон тартып мажбурлоо жолу менен директорго алып барууга аргасыз болгон.

Жогоруда айтылгандарга байланыштуу окуяга катыштыгы бар мугалим Гүлфиза Мамытбековадан комментарий алуу мүмкүн болгон жок. Ал камерадан тышкары маалымат берип, окуя тууралуу пикир билдире албастыгын билдирди. Мамытбекова бул нерсени учурда тергөө жүрүп жатканы менен байланыштуу экенин айтып жана анын укугун окуучунун апасы тебелегенин, мындан улам комментарий бере албасын айтты.

 

Ал эми №95 мектептин директору Айгүл Шимова окуучунун апасынын мугалимди колдон алып директорго алып келгенин туура эмес деп эсептейт жана мугалимдин классты таштабай окуу процессин улантканын туура деп баалайт. Айтымында, ал окуучунун апасы менен жакшы тааныш жана ал жеке директорго келгенде маселе мындай ырбап кетмек эмес.

 

Албетте, бул окуяда окуучунун апасы эне катары ачууланды. Мен аны түшүнүп турам. Окуучунун апасы менен мектепке директор болуп келгенден бери жакшы таанышмын. Биз аны менен бир нече жолу жолугуп, сүйлөшкөнбүз. Анткени анын башка суроолор боюнча дагы маселелери болуп, биз аны сыртка чыгарбастан, чууга жеткирбей эле өз ара чечишкенбиз.

 

Азыркы учурда окутуучуга жана ошол күнү коридордо нөөмөттө турган мугалимге дагы эскертүү берилди. Мугалим чыгуу учурунда гана бут кийимди ала турганын эскерткен. Окуучунун апасы эмнеге мугалимди сүйрөп директорго алып келүү аракетин көргөнү түшүнүксүз. Ал мугалими жок эле өзү келгенде баланын бут кийимин, балким, өзүм алып бермекмин. Анткени ал учурда мугалим сабак өтүп жаткан", - деди Шимова окуя тууралуу.

 

Учурда аталган мектепте көп окуучу билим алгандыктан, балдар үч смена менен окушат. Аталган окуя көпчүлүк ата-эне жана окуучуларга сабак болгонун, окуяга тиешелүү мугалимдерге эскертүү берилгенин мектеп директору айтып өттү. Бирок бул эскертүү чын эле маселени чечкенге бөгөт боло алабы аны эч ким айта албайт.

 

Эскерте кетүүчү жагдай буга чейин аталган окуя боюнча Билим берүү жана илим министрлиги билдирүү тараткан. Анда министрлик эненин жүрүм-турумун айыптап, мугалимге ар тараптан колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирген. Маалыматта министрлик Бишкек шаардык мэриясы менен биргеликте атайын комиссия түзүп, №95 мектепте орун алган окуяны кылдат иликтей турганын билдирген.

Отправить новости WhatsApp News
maksat
1 комментарий
  • barbol
    Булаялэмнедепжатканынозутушунупжатабы

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter