16 января 2020, 17:48

Аксыда жугуштуу ооруларга кабылгандардын саны өстү. Ооруканада орун жок

 

Аксыда жугуштуу ооруларга кабылгандардын саны өстү. Ооруканада орун жок

 

Аксы районунда жугуштуу ооруларга кабылган адамдардын саны көбөйдү.

Аксы райондук аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулардын дарылоо бөлүмүнүн башчысы Усуп Наралиев билдиргендей, күнүнө 15тен ашык адам кайрылууда.

«Жыл сайын ушул убакта жугуштуу оорулар менен кайрылгандар көбөйүп кетүүдө. Сарык, ич өткөк сыяктуу оорулар менен жабыркап, бизге кайрылып жатышат. Күнүнө болжол менен15тен ашык адам кайрылат. Алардын көбү жаш балдар. Оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүндө 32 орун бар, учурда бош орун жок. Айрым учурда коридорго жаткырууга туура келүүдө. Ар бир жаранга жугуштуу оорудан сактануу боюнча маалымат берип келебиз. Оорунун башталышы байкалса, тезинен дарыгерге кайрылуу зарыл», - деди ал.

Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
maksat
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter