17 января 2020, 09:44

Бишкекте жүргүнчүлөрү бар кичи автобус жол кырсыкка кабылды (Видео)

 

 

 Бишкек шаарындагы Киев менен Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсык болду. Окуя кечээ, 16-январда саат 21:20 чамасында болгонун күбө «Репортерго» билдирип, сүрөт, видео жөнөттү.

 

Анын айтымында, №135 кичи автобус менен жеңил унаа кагышкан. Кагышуунун кесепетинен кичи автобус жол чыракты сүзүп, жолдун жээгине чыгып кеткен.

 

«Кичи автобустун ичинде жүргүнчүлөр бар болчу. Бирок эч ким жабыркаган жок», - деди күбө.

 

Бишкекте жүргүнчүлөрү бар кичи автобус жол кырсыкка кабылды (Видео)

 


Бишкекте жүргүнчүлөрү бар кичи автобус жол кырсыкка кабылды (Видео)

maksat
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter