17 января 2020, 16:58

18-январдан 24-январга чейинки аба ырайы суук болуусу күтүлүүдѳ

 

18-январдан 24-январга чейинки аба ырайы суук болуусу күтүлүүдѳ

 

18-19-январларда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 18-январда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши ыктымал.

20-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ыссык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Дыйканчылык аймактарында жана Нарын облусунда жаан-чачын болбойт. 20-январда күндүз кээ бир райондордо кар жаашы мүмкүн.

21-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы мүмкүн.

21-январда күндүз жана 22-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, 22-январда күндүз кээ бир райондордо мезгил-мезгили менен кар жаашы ыктымал. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

23-январда түнкүсүн Ыссык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. 23-январда күндүз жана 24-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
maksat
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter