17 января 2020, 18:00

Февраль айында Алай менен Суусамыр өрөөндөрүндө кандай аба ырайы күтүлөт?

 

Февраль айында Алай менен Суусамыр өрөөндөрүндө кандай аба ырайы күтүлөт?

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология боюнча агенттик 2020-жылдын февраль айына карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн болжолдуу аба ырайы боюнча маалымат таратты.

Жайыттар зонасы

Алай өрөөнүндө:

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, -13…-15º суук болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -8…-13° сууктан -14…-19° суукка чейин өзгөрүлүп турушу мүмкүн. Ай ичинде кээ бир күндөрү абанын температурасы түнкүсүн -22…-27° суукка чейин төмөндөйт. Күндүз -2…-7° сууктан -8…-13° суукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (25-27мм).

Суусамыр өрөөнүндө:

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, -17…-19° суук болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -13…-18° сууктан -21…-26° суукка чейин, күндүз 0…-5° сууктан -6…-11° суукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Ай ичинде, кээ бир күндөрү абанын температурасы түнкүсүн -29…-34°, күндүз -12…-17° суукка чейин төмөндөшү мүмкүн.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (15-17 мм).

Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
maksat
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter