18 января 2020, 17:41

Аксыда катуу ылдамдыкта чана тээп бара жаткан өспүрүм кыз каза болду

 

Аксыда катуу ылдамдыкта чана тээп бара жаткан өспүрүм кыз каза болду

 

Аксы районунда 8-класстын окуучусу жылгаяк тээп жүрүп каза болду. Бул тууралуу өздүк булактар билдиришти.

Маалыматка караганда, Кара-Суу айылынын 8-классынын окуучусу (кыз бала) катуу ылдамдыкта чана тээп жатып даракты сүзүп алган. Ал ооруканага жеткенде каза болуп калган. Маалыматты Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Дөөлөт Миңбаев тастыктап, учурда териштирүү жүрүп жатканын айтты. Ал окуя кечээ, 17-январь күнү кечинде болгонун кошумчалады.

Аксы райондук билим берүү бөлүмү буга чейин ата-энелер менен 3 тараптуу (мектеп,айыл өкмөт, ата-энелердин ортосунда) келишим түзүлгөнүн билдирди.

«Эртең мененки саат 8:30дан 13:30га чейин окуучуларга мектеп жооптуу. Калган убакта ата-энелер балдарына өздөрү жооп беришет», - деп билдиришти райондук билим берүү бөлүмүнөн.

Каза болгон окуучу Кара-Суу айылындагы Э.Четинбаев орто мектебинде окучу.

maksat
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter