20 января 2020, 11:19

Түндө Балыкчы шаарына кирип келген карышкыр тургундарды «калчылдатты». Видео

 

 

Түндө Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарына кирип келген карышкыр тургундарды бир сыйра «калчылдатты». Бул тууралуу жашоочулар билдиришти.

Карышкырды видеого кечээ, 19-январда саат 23:04тө шаар тургуну Айтбек Өзүбеков тартып алган.

«Бул видео Жеңиш көчөсүндө тартылды. Жанымда апам бар болчу. Унаа менен үйгө келе жатканбыз. Карышкыр ушул көчөгө чейин кирип келиптир. Аны көрөр менен кошунамды чакырдым. Ал экөөбүз артынан кубалап таппай калдык. Жогору жакта токой бар. Ошол жакка качып кетти. Алдыңкы оң бутунан жаракат алыптыр. Видеону башкаларга көрсөтүп сураштырсак, ургаачы карышкыр экен», - деди ал.

Түндө Балыкчы шаарына кирип келген карышкыр тургундарды «калчылдатты». Видео

maksat
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter