20 января 2020, 23:24

“24.kg” сайты Р.Матраимовду коррупцияга күнөөлөп жарыяланган материалы боюнча далили жок экенин билдирди

“24.kg” сайты Р.Матраимовду коррупцияга күнөөлөп жарыяланган материалы боюнча далили жок экенин билдирди

 

 

Бүгүн, 20-январда Мамлекеттик Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун-басары Р.Матраимовдун “Азаттык”, “Клооп” жана “24.kg” сайттарынын үстүнөн берген доо арызы боюнча соттук отурум болуп өттү.

 

Соттук отурумда жоопкер “24.kg” сайтынын өкүлдөрү жарыялаган материалы боюнча фактысы жок экенин моюнга алып, басылманын өкүлү “биз далилибиз жок экенин моюнга алабыз” деп жарыялады.

 

Матраимовдун өкүлү Канатбек Азиз соттук отурум боюнча төмөндөгүдөй маалымат берди:

 

“Бизде бир эле позиция болгон, тынч жолу менен чечүүгө. Далилдери болсо сотто көрсөтсүн дегенбиз, бирок алар далилин көрсөтө алышкан жок”-деди ал.

 

Белгилей кетсек, аталган басылмалар Р.Матраимовду өлкөдөн ири суммадагы акча каражатын коррупциялык жол менен чыгарып кеткен деген маалыматтарды таратышкан болчу.

Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
maksat
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter