"Жеңиш Разаковдун чек ара боюнча митингке чыккандарды акчага уюшулган деп айтканы мазактоого жатат", - деп бүгүн, 22-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди.

 

Ал вице-премьер-министр кызматтан кетиши керек экендигин кошумчалады.

 

 

"Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков бүгүндөн калбай элден кечирим сурашы керек. Анткени ал чек араны тактап бергиле деген элди кимдир-бирөөлөр каржылаган, акча үчүн митингге чыккан деп айтты. Бул элди мазактоо. Жеңиш Разаков ошол сөзүнө жооп бериши зарыл. Болбосо сот алдында жооп бериши керек. Бүгүндөн калбай элден кечирим сурашы шарт. Факт жок. Бул чоң ката. Ал ошол сөзү үчүн кызматын тапшырышы керек", - дейт Акаев.

 

 

Отправить новости WhatsApp News
Banner
1 комментарий
  • Читатель
    Правильно говорит Акаев! Уволить надо неграмотного провинциала Разакова! Позорит он Правительство

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter