22 января 2020, 17:00

Жалал-Абадда жаш жигиттер эки унааны уурдап качышкан

 

Жалал-Абадда жаш жигиттер эки унааны уурдап качышкан

 

ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, ушул жылдын 19-январында Жалал-Абад шаарынын 1960-жылы туулган тургуну С.У. милицияга арыз менен кайрылган. Ал 19-январга караган түнү өзү жашаган көп кабаттуу үйдүн алдындагы унаа токтотуучу жайга «Хендай Аванте» үлгүсүндөгү унаасын токтотуп койгон жеринен белгисиз адамдар уурдап, айдап кетишкенин билдирген.


Мындан тышкары Жалал-Абад шаарынын 1994-жылы туулган тургуну С.Т. дагы 19-январда арыз менен кайрылып, анда 19-январга караган түнү саат 23:50 чамасында Жалал-Абад шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин алдына токтотуп койгон «Дэу Тико» үлгүсүндөгү унаасын белгисиз кылмышкерлер уурдап кетишкенин билдирген.

«Бул фактылар боюнча топтолгон материалдар Жалал-Абад ШИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 206-беренеси (Автотранспорт каражаттарын айдай качуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Жогорудагы фактылар боюнча ОИИБдин жана ШИИБдин Криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Ноокен районунун 2002-жылы туулган Б.А. жана 2002-жылы туулган У.Э. аттуу тургундары кармалып, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат», - деп айтылат маалыматта.

Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
maksat
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter