1-февраль күнү кыргыз режиссеру Болот Шамшиевдин дүйнөдөн кайтканына 40 күн толуп, Бишкек шаарындагы “Кайнар” ресторанында 600 адамдын катышуусунда эскерүү кечеси өттү. Ага режиссердун жакын санаалаштары, саясатчылар, маданият өкүлдөрү жана коомдук ишмерлер катышышты. Алардын катарында Геннадий Базаров, Роза Айтматова, Роза Отунбаева, Адахан Мадумаров, Аалы Карашев ж.б. бар.

 

Эске салсак, Болот Шамшиев 2019-жылдын 21-декабрында 79 жаш курагында оорудан улам көз жумган. Ал «Ак кеме», «Караш-Караш», «Сүйүү закымдары» ж.б бир катар белгилүү фильмдердин режиссеру жана «кыргыз кереметинин» көрүнүктүү өкүлү болуп саналат. Белгилүү режиссер 1975-жылы Кыргыз ССРинин Эл артисти наамына, 1977-жылы СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына татыган. Ал эми 1991-жылы СССРдин Эл артисти наамын алган.

Отправить новости WhatsApp News
Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter