Жашоодогу өз ордуңду табуу, максаттуу өмүр сүрүү же жапондуктар айтмакчы “Икигай”. Мына дал ушул сөздүн түпкү тамырын аныктап, жапон филасофиясына баш багуу үчүн кыргыз жарандагы бүгүн, 8-февраль күнү Борбор Азиядагы Америка Университетинин имаратына чогулушту. Белгилүү болгондой, жапон эли аталган түшүнүккө абдан чоң маани берип, ички жан дүйнө менен сырткы чөйрөнүн бири-бирине дал келишин көздөшөт. Алар үчүн жасап жаткан жумуштун, күнүмдүк тиричиликтин, үй-бүлөнүн ортосунда тең салмактуулуктун болушу шарт. Жасаган иштен ырахат алуу, ар дайым жаңы максатка умтулуу көнүмүш адат. Бүгүнкү иш чараны JICA уюмунун өкүлдөрү уюштурган.

 

 

Жапон тарыхына көз чаптыра турган болсок, уюштуруучулар белгилеп өткөндөй, мамлекет жаңыдан өнүүгүү жолунда болгон учурда жашоочулар үчүн Икигай катары көп каражат табуу, талыкпай иштөө саналган. Ал эми экономика стабилдүү нукка түшкөндөн кийин жашоочулардын Икигай тууралуу ою өзгөрүп, кайсы жумуш аларга жагат же болбосо мамлекетке кандай пайда тийгизе алам деген суроолордун үстүндө иштей башташкан. Бүгүнкү иш-чарага спикерлер дагы катышып, өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter