2020-жылдын 9-февраль күнү Бишкек шаарындагы Борбор Азиядагы Америка университетинде Ачык эшиктер күнү өттү. Бул күнү окуучулар жана ата-энелер окуу жай тууралуу кенен маалымат алууга мүмкүнчүлүк алышты. Мектепти аяктап жаткан ар бир окуучу үчүн билим алуучу жайды тандоо – алардын жашоосундагы эң маанилүү кадамдардын бири. Ал эми Ачык эшиктер күнү күмөн ойлорду жок кылып, багытты туура коюуга өбөлгө түзөт.

 

Алгач Борбор Азиядагы Америка университетинин вице-президенти келген конокторго иш чаранын максаты, сапаттуу билим берүү программасы  тууралуу айтып берди. Болот Шамшиев баса белгилеп өткөндөй 2019-жылы университетке баш баккандардын саны 100 миңге жеткен. 

 

 

Ачык эшиктер күнүнө бир эле Бишкектен эмес, өлкөбүздүн бардык аймактарынан келген ата-энелер бар экенин байкадык. Аталган иш чарада өз келечеги үчүн күйүп, сапаттуу билим алууну дегдеген окуучуларды көп жолуктурдук. Алардын ичинде Нарындан бери келген Адыл дагы бар. Учурда анын максаты Жалпы Республикалык тестти ийгиликтүү тапшырып, Борбор Азиядагы Америка университетине тапшыруу.

 

 

БААУ таланттуу, тырышчаак бирок материалдык жактан аксаган студенттерге финансылык жактан жардам көрсөтүп келет. Окуу жайда билим алган 830 студенттин 70 пайызы бул мүмкүнчүлүктү колдонуп жатканы маалым. Ачык эшиктер күнүндө окуучулар бүтүрүүчүлөрдүн кеңештерин дагы уга алышты. Жалпыга маалым болгондой бул университетти бүтүргөндөр Google, Microsoft, ООН, ЮНИСЕФ, Бүткүл дүйнөлүк банк ж.б дүйнөдөгү ири компанияларда иштешет. Албетте, бул окуу жайга тапшырууга түркткү берчү фактттардын бири гана. Борбор Азиядагы Америка университети жалпы бүтүрүүчүлөрдү чоң үй-бүлөнүн мүчөсү болууга чакырат!

Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter