11 февраля 2020, 16:56

Баатырбеков: Чет өлкөлүк жарандар менен жарандыгы жоктордун саны жөнүндө маалыматтарды жаңыртып туруу керек

Баатырбеков: Чет өлкөлүк жарандар менен жарандыгы жоктордун саны жөнүндө маалыматтарды жаңыртып туруу керек

 

 

Жогорку Кеңеште качкындар жаатындагы маселелерди жөнгө салууга укуктук негиздерди түзүү максатында иштелип чыккан "Качкындар жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. "Качкындар жөнүндө” мыйзамдын жоболоруна ылайык, адамдарга качкын макамын берүү тууралуу өтүнмөнү каттоодон баш тартууга төмөнкүлөр негиз болот:

 

- эгер адамга мындан мурда качкын деп таанууга кайрадан ачылган же жаңы жагдайлар жок болгон шарттарда качкындар жөнүндө мыйзамда белгиленген тартипте баш тартылган болсо;


- эгер адам Кыргыз Республикасынын аймагында жасаган өзгөчө оор кылмышы үчүн күчүнө кирген соттун өкүмү боюнча соттолсо;


- эгер адам мурда качкын макамын алып жана Кыргыз Республикасынан өзүнүн өлкөсүнө же үчүнчү өлкөгө туруктуу жашоого ыктыярдуу чыгып
кеткен болсо,

 

Иштеп жаткан мыйзамда качкындардын өтүнмөлөрүн каттоодон баш тартуу жол-жоболору камтылбай калган. Мындай абал өлкөдөгү миграциялык кырдаалдарга терс таасирин тийгизүүдө. Анткени, айрым чет өлкөлүк жарандар Кыргызстандын аймагынан чыгып кетпей, мыйзамсыз мигранттардын катарын толуктоодо.


Ал эми "Тышкы миграция жөнүндө" мыйзамда чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар кылмыш жазасын өтөгөндөн кийин, эгерде тышкы
миграция боюнча мыйзамдарда анын Кыргызстандын аймагында калуу негиздери болбосо, эл аралык келишимдерде жана жазык- аткаруу мыйзамдарында каралган тартипте өлкө чегинен тышкары чыгарып жиберилери көрсөтүлгөн.


Ошондон улам, сунушталган мыйзам долбоору аркылуу мыйзамдардагы боштуктарды жоюу аракети жасалууда. Анын кабыл алынуусу
Кыргызстандын качкындар боюнча эл аралык милдеттенмелерин мамлекеттик коопсуздуктун кызыкчылыктарын эске алуу менен натыйжалуу аткарууга өбөлгө түзөт. «Кыргызстан» парламенттик фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков Миграция кызматынын жетекчилигин өлкө аймагында
эмгектенүүгө квота берилген чет өлкөлүк жарандардын, жалпы эле чет өлкөлүк жарандар менен жарандыгы жок адамдардын саны жөнүндө маалыматтарды ырааттуу жарыялап, аларды маал-маалы менен жаңыртып турууга чакырды.


Белгилей кетсек, Миграция кызматынын маалыматына караганда, азыр Кыргызстанда 215 качкын макамына ээ болгон адам бар. Ал эми өлкө аймагында иштөө үчүн жылына 17 миң чет өлкөлүк адамга эмгек квотасы берилүүдө. Алардан 2019- жылы 200 млн сом түшкөн.

Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter