12 февраля 2020, 16:11

Чек ара кызматы: Майрам Акаева Кыргызстанга учуп келди деген маалымат чындыкка дал келбейт

Чек ара кызматы: Майрам Акаева Кыргызстанга учуп келди деген маалымат чындыкка дал келбейт

 

 

Туңгуч президент Аскар Акаевдин жубайы Майрам Акаева Кыргызстандын чек арасына кирген эмес. Бул кабарды Мамлекеттик чек ара кызматы билдиргенин "Марал радиосу" жазып чыкты.

 

“Аскар Акаевдин жубайы Майрам Акаева Кыргызстанга учуп келди деген маалымат чындыкка туура келбейт. Ал чек арадан өткөн эмес”, — деп айтылат Чек ара кызматынын билдирүүсүндө.

 

Буга чейин айрым маалымат каражаттары жеке булактарына таянып Майрам Акаева жан сакчысы менен Кыргызстанга учуп келгенин, аны бул жактагы жан сакчылар аэропорттун VIP залынан тосуп алганын жазып чыгышкан.

Отправить новости WhatsApp News
Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter