14 февраля 2020, 17:25

Жалал-Абаддагы Абылгазиев катышкан жыйынга КТРКдан башка журналисттер киргизилген эмес

Жалал-Абаддагы Абылгазиев катышкан жыйынга КТРКдан башка журналисттер киргизилген эмес

 

 

Жалал-Абад облусунда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусунда өтүп жаткан жыйынга Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Ала-Тоо 24» каналынын журналисттеринен башка медиа каражаттарынын өкүлдөрү киргизилген жок. Бул тууралуу "Азаттык" жазды. Буга чейин облустук администрация тарабынан жыйынга катышуучу журналисттердин аты-жөнү алдын-ала такталып, өкмөттүн аппаратына сунушталган болчу. Өкмөттүн басма сөз кызматы муну аймактарда өтүүчү катардагы жыйындардын бири деп, катталган журналисттердин кирбей калуу себебин түшүндүргөн жок.

 

Маалым болгондой, премьер-министрдин катышуусунда Жалал-Абад облусунда былтыр аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылып жатат. Ага алдын-ала чакырылган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тизме менен киргизилди. (RsK)

Banner
1 комментарий
  • Макс
    Оз элинен жашынган акмактарМамлекетте чон калаба болуп кетсе азыркы бийликтегилердин баарын тизип туруп атыш керек

Материалы за неделю

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter