17 февраля 2020, 13:11

Сонунбүбү Кадырова: Имамидин Ташов Баткендин губернаторлугуна татыктуу

 

 

Коомдук ишмер Сонунбүбү Кадырова Баткен облусунун губернаторлугуна Имамидин Ташов татыктуу деген пикирин Фейсбуктагы өздүк баракчасына жазып чыкты.

 

"Ушунча жылдан бери жыйырма адам эле бийликтен бийликке тегеренип жүрүшөт. Өздөрү жадаган жок, бул жакта карап турган элди жадатты. Же, ойлогон ою жок, же, түзгөн план-програмасы жок, же, элге жасаган эмгеги жок. Жөн эле жулунат. Уялыш керек го акыры. Улам элдин аң-сезими өсүп, жөн эле ооз көптүргөн папулисттер бийликте жүргөнүн билип, кыжыры келе батады. Эми эл өзүнө иштеп бере ала турган азаматтарын, өздөрү көтөрөт. Ушул кезге чейин баштаган ишинин майын чыгарган, жоктон бар кылган, азаматт уулдарыбыз өсүп жетилип калышты. Мисалы: элибиздин ак жүрөк, мээнеткеч уулу Имамидин Ташов. Бул жигит өзүнүн идиреги менен көп ийгиликтерге жетишип, жок жерден бир чоң ишкананы бутунан тургузуп, көптөгөн жарандарыбызды жумуш менен камсыз кылып жатат. Андан сырткары колунда жок, колдоого муктаж дарды үй менен камсыз кылып келет. Ар бир майрамда жүздөгөн Кыргызстандыктарга белек-бечкектер менен кубантып жүргөнүнө күбө болуп жүрөбүз. Мына ушундай чарбаны түшүнгөн жигиттер элдин башына келсе элдин багы ачылмак. Имамидин Ташов өкүмөттүн курамында иштөөгө татыктуу жигит. Ошондуктан Баткендин Губернаторлугуна татыктуу жана ылайыктуу. Себеби, Баткенде чуу чыкканда биринчилерден болуп жетип барып элдин акыбалын сурап турат. Ал жердин көйгөйүн жеринен билет",-деп жазган ал.

Banner
1 комментарий
  1. Энен
    туура, быякта турган мен уялам, бирок алар уялбайт, бир-эки жыл бир иште, анан башкага, анан башкага Олкодо башка адам жок да

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter