Борбор Азиядагы Америка университетинин имаратында “Тайф” долбоорунун кезектеги жыйынтык чыгаруу аземи өттү. Окуучуларды эркин ишкердүүлүккө үйрөтүүнү багыттаган долбоор бир нече жылдан бери “Энактус” уюму менен иш алып барып келет. “Энактус” эл аралык программасы Кыргызстандагы 33 окуу жайда өтөт. Ар бир окуу жайда уюмдун топтору бар. Уюмдун Кыргызстандагы башчысы билдиргендей, долбоорду дүйнө жүзүндөгү ири компаниялар камсыздайт.

 

Долбоордун негизги максаты -  мектеп окуучулуларына бир нече айдын алкагында бизнес жаатында билим берип, акчаны туура пайдалануу, туура сапртоону үйрөтүшөт. Ага кошумча окуучулар ийгиликке жеткен бизнес өкүлдөрү менен жолугуп, алардын эмгек жолу, ийгиликке жетелеген сырлары тууралуу маалымат алышат. “Тайф” долбооруна каалаган окуучу катыша алат. Болгону аракетчил, билимдүү жана жеке бизнес ачуу каалоосу күч болушу шарт.

 

Бир жыл алкагында атайын тандалып алган окуучулар кандай долбоордун алкагында көп каражат табууга болот деген ойдун үстүндө иштеп, атайын долбоор даярдашат. Ага бизнесмендер баа берип, жеңүүчүлөр Борбор Азиядагы Америка университетинде 35% арзандатуу менен билим алууга мүмкүнчүлүк алышат. Бүгүнкү иш чарада 12 команда өз долбоорлорун презентациялашты. Алар акыркы этапка жетпей калган 70 команданын ичинен суурулуп чыккандар.

Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter