19 февраля 2020, 10:00

Сыдыман аттуу блогер 2 айга камакка алынды

 

 

Сыдыман каймана аты менен коомчулукка белгилүү болгон Элмир Сыдыманов 18-февралда Октябрь райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынды.

 

Белгилей кетсек, Сыдыман социалдык тармакта хейтерлери тууралуу айткан билдирүүсү коомчулуктун нааразычылыгын жараткан. 17-февраль күнү ал Октябрь РИИБинин экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан 313-берененин (расалык, этникалык, улуттук, диний жана аймактар аралык кастыкты козутуу) негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

maksat
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter