Кыргызстандык «Аруу Жылдыз» Жоопкерчилиги чектелген коому түрк өкмөтүнүн чабуулу алдында болгон мүлкүн “Өзгүн Иншаат Таахют ве Тижарет” акционердик коомуна тарттырганы турат. Мындай билдирүү менен “Вефа” бизнес борборунун 50% акциясынын ээси “Аруу Жылдыз” Жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси өлкө башчы Сооронбай Жээнбековго кайрылды. Анын айтымына караганда 2017-жылдын 12-июль айынан тарта ал жетектеген коом түркиялык “Өзгүн Иншаат Таахют ве Тижарет” компаниясы менен соттук териштирүү иштерине катышып келет. Түркиялык компания “Вефа” бизнес борбору “Аруу Жылдыздын” менчигине мыйзамсыз өттү деген доо коюда.  Ал эми сот отурумдарына Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Жеңгиз Камил Фырат да катышкан. 20-февраль күнү аталган маселе Жогорку Сотто кайрадан каралат. Кыргыз тарап соттун чечими түркиялык компаниянын пайдасына чечилишинен чоочулап жатат.

 

 

Адилеттүүлүк, туура чечимдер өлкөнүн өнүгүүсүнүн пайдубалы. Адилеттүү чечимдер кабыл алынбаган өлкөдө, ишкерлердин мамлекетке болгон ишеними жоголуп, салык төлөй албай калышат. Мындай пикири менен жарандык активист Гүлжигит Исаков бөлүштү. Ал баса белгилеп өткөндөй, “Вефа” бизнес борборунун айланасында болуп жаткан окуя башка ишкерлерге чоң белги.

 

“Вефанын” айланасында болуп жаткан териштирүүлөр, анда эмгектенип жаткан ишкерлерди тынсызданууга алып келди. Алар мындан ары бизнесин улантуудан коркуп жатканын ишкер Алмаз Зулпукаров белиглеп өттү.

 

Белгилүү болгондой, “Вефа” бизнес борбору ай сайын мамлекеттик бюджетке 3 млн сомго жакын салык төлөйт. Андагы ижарачылардын саны 170ке жетсе, 900дөй жаран жумуш менен камсыздалган.

Banner
1 комментарий
  1. эл
    пидораз элчи бугу окшогон пидораздарды иди нахуй деш керек оз жарандарынын кызыкчылыгын коргой албаган келесоо эл башчылары элчи нахуй аралашат долбаеп буларды тим койсо башка чыгып алышты с**а пидораз эрдогандын кот жалагычтары

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter