19 февраля 2020, 15:21

FB колдонуучусу Матраимов менен Самаевдин муктаждарга көрсөткөн жардамдарын жазып чыкты

 

 

Чээнден чыккан.....
Жаныбарлардын ичинен, аюу кыш бою таманынын майын соруп, кыш бүткөнсоң кийинки ар жылдагы кышка дайындык көрүү үчүн, сыртка чыгат эмеспи... Ал эми биздикилер 5жылдан кийин чыгып, өздөрү айткан сөздөрүн 5жыл уктап жатып унутуп калышабы? Айтоор... 5жыл мурунку айтканын, көзү башын ача калып, баягысын кайталайт:
- Уккула, бизде жакшы идея бар, ишке ашыруу менен жаркын келечеке кенен жол ачабыз, андай-мындай деп, уйкулуу көздөрү менен 5жыл мурунку убадасын тыңкылыктуу жеткирипда бере албайт! Бурчтан чыга қалган экинчиси,
-Коёндор айтса,айткан боюнча калат! Мына-мына мен, секирикти кенен таштап, алдыга гана умтулуп, баардыгыңардын акыңарды кайтарып,келечек үчүн иштейм-деп төш кагатта кирип алып, түлкү түзүп берген сценарийди жаттап отурат....

5жыл көрө элек белеңер? Буюрса чээнден алды чыга башташты) Мурун көйгөйүңөрдү айтып, күн,ай,жыл сайын келип жолугайын дегенде жок беле? Уйкуда болчуда) Убара болбой, жата бергиле эми өздөрү үйүңөргө издеп барат). Энергиясы 5жылкы уйкудан толуп-ташып тургандарга 1саат сүйлөсө алданып калбагыла) Алдап кетсе, уктайт болду! Дагы 5жылкы уйкудан кийин көрөсүңөр.

Айтайын дегеним...
Микрафон такагандан сырткары жумуш-жумушу менен.
Жеке адамдык мамиле,урмат-сый, алыш-бериш, баардыгыбызда бар.
Сүрөттөгү эки депутат жөнүндө кичине айтып өтөйүн...
Булар элдин астында сүйлөгөндү дагы, эл жокто кылганды дагы жакшы билет.
Искендер Матраимовго 4 жалгыз бой эне жөнүндө маалымат айттым.
Жалгыз бой эне квартирада жашап, балдарынын жүгүн көтөрүп, күндүз базарда, түндөсү Мекемелерди тазалап-жууп иштеп, арасында оорукчан баласы барларыда болду... (Ал энелердин көргөн күнүн, бул жақтан жеткирип бере албайм, баарыбызга түшүнүктүү болсо керек)
Искендер Матраимов, мен берген маалымат боюнча таанышып чыгып,
Эненин күчтүүлүгүнө, жана балдарынын келечеги үчүн кам көрүп жатканын баалап, ар биринин 1жылдык квартирасын алдын ала төлөп берип, продукты, кийим- кечек менен камсыз кылган эле.
Шайлоого жакын деп чыкпагыла анан, бул иш туура 7ай мурун болгон...
Ал эми Урмат Самаев дагы, 2жалгыз бой эне жөнүндө айтканымда.. Өз жардамын берип, биринин бир жылдық квартирасын төлөп, экинчисине акчалай жана тамак-аш,жана кийим менен камсыздап берди..
Бул бир ай мурун болгон окуя.

Кээ бир депутаттардай болуп, пиар үчүн кылбаганын сезипдагы,күбөө дагы болдум.
Себеби: Көпчүлүгү чөнтөгүнөн чыга турган иш болуп калса, ойлонойун дейт дагы,ошо бойдон кимди-ким көрдү болот)
Жакшылыкты жашырбай,айта жүргөн жакшы деп ойлойм...

Banner
2 комментария
  1. Турат
    Элден 1000сом жеп анын 10сомун жардамга берип койсо мактап калышат
  2. Акаев
    Ой маладес, таппасан сыйпалап кал Кеп ошол берген акча кайдан келген Ушуну айт

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter